АДВОКАТ: «Орхан Инанды дайынсыз жоголгон күнү Мелис Турганбаев менен жолуккан»

АДВОКАТ: «Орхан Инанды дайынсыз жоголгон күнү Мелис Турганбаев менен жолуккан»

Эл аралык «Cапат» билим берүү мекемесинин жетекчиси, Эл аралык «Ала-Тоо» университетинин негиздөөчүлөрүнүн бири, 31-майдан бери дайынсыз болуп жаткан кыргыз жараны Орхан Инанды жоголоордун алдында мурдагы ички иштер министри, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын мурдагы башчысы Мелис Турганбаев менен жолуккан. Бул тууралуу адвокат Таалайкүл Токтакунова бүгүн, 9-июнда, журналисттерге билдирген эле.

Анын айтымында, алар Орхан Инанды Мелис Турганбаев менен жолукканын так билишет. Алар 31-майда саат 20:30 чамасында кофейняда жолугушкан жана бир сааттан ашык сүйлөшүп отурушкан. Андан кийин Инандыны эч ким көргөн эмес. Мелис Турганбаев болсо, ошол эле күнү Грузияга учуп кеткен.

Кийинчерээк Мелис Турганбаев Грузиядан 7-июнда кайтып келгенин, ал жакка кетердин алдында Орхан Инанды менен жолугушканы чын экенин тастыктап журналисттерге маалымат берди. Экс-министрдин айтымында, алар 31-май күнү кечинде Инандынын үйүнүн жанындагы «Адриано» кофейнясында жолугушушкан жана ашык-кеми жок 30 мүнөттөй жеке мектеп ачуу тууралуу гана сүйлөшүшкөн.

«Орхан Инандыны 20 жылдан ашуун убакыттан бери билем. Достук мамилебиз бар. Билим берүү системасындагы №1 адам катары аны баары билет. Ошол күнү биз жеке мектеп ачалы деп сүйлөшкөнбүз, менде бизнес ачуу идея бар болчу. Украинада жана Грузияда спорт боюнча иштерим болгондуктан, түнү менен учушум керек болчу. Кетеримди билип кечинде өзү кезигели деп чалган. Жарым сааттай гана сүйлөшүп кеткенбиз» деди Мелис Турганбаев. Ошондой эле анын айтымында,  жолугушкан күнү Инанды өзүн кадимкидей эле алып жүргөн, тынчсыздангандай көрүнгөн эмес, кандайдыр бир коркутуу, коркунучтар тууралуу мурда-кийин деле айткан эмес. Мелис Токтомамбетович Инандынын «Кыргызстандан душманы жок, жакшы адам, табылат» деген ишенимде.

Эске сала кетсек, Орхан Инандынын эшиги ачык калган машинеси 1-июнга караган түнү, таңга маал өзү жашаган үйдүн короосунан табылган. Анын уулу милицияга билдирип, атасы байланышка 31-майдын кечинде чыккан бойдон дайынсыз жоголгонун айткан.

Ал эми Инандынын жубайы Рейхан Инанды болсо, социалдык тармактар аркылуу видеокайрылуу жасап, дайынсыз болуп жаткан жолдошу Кыргызстандагы Түркия элчилигинин имаратында кармалып жатышы мүмкүн деп айтып чыкты. Бирок түрк элчилиги бул маалыматты четке какты деп 8-июнда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев билдирди. Айтымында, 7-июнда ТИМде Түркия элчиси Женгиз Камил Фырат менен жолугушуу өткөн жана элчи Орхан Инанды «түрк элчилигинин имаратында» деген кеп  чындыкка дал келбестигин билдирген экен…

Кошумча катары, «Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инандыны издөө, табуу боюнча тийиштүү мекеме-кызматтардын баары иш алып барып жатат. Президентибиз Садыр Жапаров да аны издөө иштерин күчөтүүнү жана кошумча күч тартууну тапшырган. Жогоруда айткан парламенттик комитеттин 8-июнундагы отурумунда Ички иштер министринин дагы бир орун басары Нурбек Абдиев алтүгүл Интерпол аркылуу издөө жарыяланганын билдирди...

«Тергөө сыры» деп дагы эмнелер белгилүү, азырынча башка эч нерсе айтылбай жатат.

«Кандайдыр бир маалымат» деп Орхан Инандынын жубайы Рейхан Инандынын мурда-кийинки, өзгөчө 6-июндагы видеокайрылуусунда айткандарына таяна турган болсок, «анын жолдошу биздеги түрк элчилигинин имаратында кармалып турат, бул маалыматты ишеничтүү адам айткан, Орхан мырзанын өмүрү коркунучта тургандыктан, ал маалыматтарды ким айтканын ачыктай албайт»; «Орхан Инанды мажбурлап кыргыз жарандыгынан баш тарткан арыз жаздырып Кыргызстандан алып чыгып кетишкен жатат»; «дал ушул сыяктуу жол менен дүйнөнүн булуң-бурчунан Түркия мамлекети “Сапат” билим берүү системасында иштеген мугалимдерди “террорист” деген жалган жалаа менен Түркияга алып кетип жатат»; «буга чейин да 95 адамды 23 чет мамлекеттен элчиликтер аркылуу уурдап алып кетишкен, алардын баары учурда Түркияда түрмөлөрдө отурушат»; «Орхан Инандынын жүрөгү Кыргызстан деп согот. Орхан агайды сактап калалы» дейт Рейхан Инанды…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.