Элчи Ибрагим Жунусов Амира Фахми айым менен жолугуп, эмнени талкуулашты?

Элчи Ибрагим Жунусов Амира Фахми айым менен жолугуп, эмнени талкуулашты?

Бүгүн, 9-июнда, Египет тараптын демилгеси менен Кыргызстандын Өзбекстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусовдун Египет Араб Республикасынын Өзбекстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Амира Фахми айым менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда Египет Араб Республикасынын Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) диалог боюнча өнөктөш катары кирүү маселеси талкууланды. Аны менен катар Кыргыз Республикасы менен Египеттин ортосундагы кызматташуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө пикир алмашуу болду.

Мындан тышкары, Египеттин Тышкы иштер министри С.Шуркинин Кыргызстанга боло турган иш сапары талкууланды. Тагырагы, элчи Амира Фахми айым Египеттин тышкы иштер министри учурдагы эпидемиологиялык кырдаал турукташкандан кийин Кыргызстанга иш сапары менен келээрин белгилеп айтып өткөн.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.