О.М.Б. аттуу депутаттын үйүнөн 106 миң сом, 42 млн сум, 232 миң доллар табылды. Ал кантип байыган?

О.М.Б. аттуу депутаттын үйүнөн 106 миң сом, 42 млн сум, 232 миң доллар табылды. Ал кантип байыган?

Тажикстан—Кыргызстан—Өзбекстан маршруту боюнча баңгизат ташыган уюшкан кылмыштуу топтун башчысы кармалды. Мындай маалыматты бүгүн, 9-июнда, УКМКнын басма сөз кызматы таратты.

Алардын маалыматына караганда, уюшкан кылмыштуу топтун башында Баткен облусунун Кадамжай шаарынын жергиликтүү кеңешинин депутаты О.М.Б. турган. Ал баңгизаттарды Кыргызстан аркылуу Тажикстан менен Өзбекстандын аймагына өткөрүп турган. Ал 7-июнда Кадамжай шаарында баңгизат сатып жаткан жеринен кармалып, Баткен ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Анын үйүнөн 9 кг чийки апийим, 4 кг гашиш, 37,5 кг марихуана, 1 ок атуучу курал, 232 миң доллар, 42 млн 299 миң 500 сум, 106 миң сом акча табылган.

Салима  ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.