Президент Садыр Жапаров жубайы, Акылбек Жапаров менен Түркияга учуп кетти

Президент Садыр Жапаров жубайы, Акылбек Жапаров менен Түркияга учуп кетти

Бүгүн, 9-июнда, президент Садыр Жапаров Түркияга 3 күндүк (9-11-июндагы) расмий иш сапары менен учуп кетти. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

КР делегациясынын курамында:

1. Президенттин жубайы Айгүл Жапарова;

2. Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;

3. Президенттик администрация башчысы Сүйүнбек Касмамбетов;

4. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров;

5. Президенттик администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дүйшекеев;

6. Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев;

7. Инвестициялар министри Алмамбет Шыкмаматов;

8. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев;

9.  Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев;

10. Коргоо министринин орун басары Алмазбек Карасартов;

11. Айыл, суу чарба жана регионалдык өнүктүрүү министринин орун басары Азамат Мукашев.

Эки президент эмнени талкуулашат?

Президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дүйшекеевдин айтымында, эки президент жолугуп эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, көп тараптуу кызматташтык жана Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин (ТМКК) алкагында өз ара актуалдуу маселелерди талкуулашат. Мындан сырткары Садыр Жапаров Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп менен жолугуп, бизнес-форумга катышат жана Анкара шаарында иштеп жаткан Кыргызстан жарандарыбыз, окуп жаткан студенттерибиз жана диаспоралар, коомдук уюмдар өкүлдөрү менен жолугат.

Белгилей кетчү нерсе, президенттин иш сапары биздин өлкөдөгү Эл аралык «Cапат» билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инанды дайынсыз болуп жаткан учурга туш келди. Бул тууралуу сөз болобу-жокпу, белгисиз…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.