Алмазбек Баатырбеков, Данияр Нарымбаев камалып, Динара Молдошевага кылмыш иши козголду

Алмазбек Баатырбеков, Данияр Нарымбаев камалып, Динара Молдошевага кылмыш иши козголду

“Кумтөр» ишине байланыштуу “Коррупция” беренеси менен 3 кишиге УКМК кылмыш ишин козгоду. Алар:  президенттик аппараттын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаев, мурдагы депутат Алмазбек Баатырбеков жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү, учурда «Кыргызпатенттин» жетекчиси Динара Молдошева. Алардын баш коргоо чарасы Биринчи май райондук сотунда каралып, Данияр Нарымбаев менен Алмазбек Баатырбеков тергөө бүткүчө камакка алынып, Динара Молдошева үй-бүлөлүк абалы жана жашы жете элек балдары бар экендиги эске алынып чет жакка чыкпоо тууралуу тилкат менен бошотулду.

Динара Молдошева 2007-2010-жылдарда Жогорку Кеңешке депутат болгон. 2011-жылы Монополияны жөнгө салуу агенттигинин жетекчисинин орун басары кызматында иштеген. 2011-2012-жылдарды өкмөттүн парламенттеги өкүлү болсо, 2014-жылы Сотторду тандоо кеңешинин мүчөсү болуп шайланган. 2018-жылы андагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын («Кыргызпатент») төрайымы болуп дайындалган.

Данияр Нарымбаев 2011-2012-жылдары президент Алмазбек Атамбаевдин парламенттеги ыйгарым укуктуу өкүлү болгон. Ал 2012-2015-жылдары президенттик аппаратты жетектеген.

Алмазбек Батырбеков Жогорку Кеңештин эки чакырылышынын депутаты. 2010-2012-жылдары Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетин, 2013-2015-жылдары Коргоо жана коопсуздук боюнча комитетин жетектеген. 2020-жылы биринчи вице-премьер-министр болуп иштеген.

Буга чейин…

Буга чейин ЖК депутаттары Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров, мурдагы депутаттар Исхак Пирматов, Талант Узакбаев жана экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов камалган. Мурдагы өкмөт башчылары Игорь Чудинов, Темир Сариев, депутат Рыскелди Момбеков, мурдагы депутат Максат Сабиров күбө катары көрсөтмө берип чыгышкан. УКМК камалган саясатчылардын баары «Кумтөр» кенин иштетүүгө байланышкан жемкорлукка шек саналып жатканын расмий кабарлады. Бирок кайсы жылдары болгон мыйзамсыз аракеттер, негиз болгон кайсы факт-далилдер экенин айтыша элек…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

One thought on “Алмазбек Баатырбеков, Данияр Нарымбаев камалып, Динара Молдошевага кылмыш иши козголду

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.