Ширин Айтматова, Наталья Никитенко, Элвира Сурабалдиева кайсы маселе боюнча суракка чакырылган?

Ширин Айтматова, Наталья Никитенко, Элвира Сурабалдиева кайсы маселе боюнча суракка чакырылган?

«Кумтөр иши» боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко, мурдагы депутаттар Элвира Сурабалдиева жана Ширин Айтматова күбө катары кечээ, 10-июнда, сурак берип чыгышты. Бул тууралуу «Азаттык» жазып чыкты.

Айтымында, Никитенко менен Сурабалдиева күбө катары Аскер прокуратурасына чакырылган, бирок кайсы маселе боюнча күбө катары өтүшкөнүн айтышкан эмес.

Парламенттин 5-чакырылышынын депутаты Ширин Айтматова Кумтөр боюнча 2012-жылы ошол кездеги депутат Садыр Жапаров жетектеген депутаттык комиссиянын мүчөсү болгон.

Эске сала кетсек, Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүн бузуп алтын казууга уруксат берген Суу кодексине өзгөртүү киргизүү боюнча маселе 2017-жылы ноябрда парламенттин сессиясында каралып, ага 85 депутат катышып,  63ү “макул”, 22си “каршы” добуш берген. Каршы добуш бергендердин арасында Наталья Никитенко менен Эльвира Сурабалдиева бар. Андагы сессияда Сурабалдиева эмне дегенин бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаӊыз болот. Бул чуулгандуу маселе каралып, өзгөртүүлөр кабыл алынган учурда Алмазбек Атамбаев президент, Сапар Исаков премьер-министр, Дүйшөнбек Зилалиев вице-премьер-министр эле…

Бир топ саясатчы камалып, бир канчасы сурак берип чыкты

Белгилей кетсек, буга чейин ЖК депутаттары Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров, мурдагы депутаттар Исхак Пирматов, Талант Узакбаев жана экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов камалган. Мурдагы өкмөт башчылары Игорь Чудинов, Темир Сариев, депутат Рыскелди Момбеков, мурдагы депутат Максат Сабиров күбө катары көрсөтмө берип чыгышкан. УКМК камалган саясатчылардын баары «Кумтөр» кенин иштетүүгө байланышкан жемкорлукка шек саналып жатканын расмий кабарлады. Бирок кайсы жылдары болгон мыйзамсыз аракеттер, негиз болгон кайсы факт-далилдер экенин айтыша элек…

9-июнда президенттик аппараттын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаев,мурдагы депутат Алмазбек Баатырбеков камалып, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү, учурда «Кыргызпатенттин» жетекчиси Динара Молдошева сурап берип чыккан.

Сырдуу, табышмактуу «Кумтөр» алтын кениндеги келишим…

Чубактын кунундай чубалган «Кумтөр» алтын кенинин чыры, “ыры”, келишпестик дале чечилбей келет. Бул сырдуу да, чырдуу да маселе тээ Аскар Акаевдин бийлигинен бери эле келатат. Кыргызстанда «Кумтөрдү» иштеткен “Кумтөр голд компани” жана “Кумтөр оперейтинг компани” ишканаларына байланыштуу соттук териштирүү 2012-2013-жылдары эле башталган. Экотехинспекция 4 доо менен: “кенден чыккан калдыктар муздун үстүнө ташталган”; “жер катмары бузулган”; “эсепке алынбаган уу заттар калдык сактоочу жайларга төгүлгөн” жана “суу үчүн акы төлөнгөн эмес” деп сотко кайрылган. Сот да улам жылып отуруп, 2016-жылдын май, июнь айларында Бишкектин райондук соту бул өтүнүчтөрдү канааттандырган. “Центерра” «кыргыз өкмөтүнүн дооматтарын негизсиз» деп, Гаагадагы эл аралык арбитраждык сотко кайрыларын жарыялаган. 2017-жылы Стратегиялык келишимге кол коюлгандан бери “Центерра” да эл аралык арбитраждагы териштирүүнү улам кийинкиге жылдырып келди…

А чындыгында «Центерра Голд» компаниясы кайсы Өкмөт келбесин, аны менен тез тил табышып келишимди узартып келатышканы ачуу чындык. Тилекке каршы, бир дагы премьер-министр же президент муну ачык айткан эмес жана айтпайт деле…

Ак-Шыйрактагы алтын…

Кыргызстандагы алтын кендеринин эң ириси – «Кумтөр». Ал Ысык-Көл облусундагы Ак-Шыйрак тоо кыркасында жайгашкан. Анда учурунда алтындын 396 тоннадай кору бар деп эсептелген. 1997-жылдан 2018-жылга чейин 345 тоннадай, 2019-жылы — бир жыл ичинде 534,563 унций же 16 тоннадай алтын казылганы айтылган.

«Кумтөр» алтын кенинен кийинки сапта «Макмал», «Жерүй», «Талды-Булак», «Иштанберди», «Солтон-Сары» турат. Мындан башка дагы кендерибиз бар. Бирок, бардыгын чет өлкөлүк компаниялар иштетет… Ошондон, анык кожоюндары көп ачыкка чыкпай, лицензия алуу, берүү, кендердин туура иштетилиши, бизге пайданын чегерелиши ж.б. көйгөйлөр дале көмүскөдө калып келет…

Бул маселе жакында ачыкка чыгаар бекен? Аны убакыт көрсөтөр…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.