ВИДЕО — Аялынын үстүнө аял алып, той берген кишиге кылмыш иши козголду

ВИДЕО — Аялынын үстүнө аял алып, той берген кишиге кылмыш иши козголду

Экинчи аял алып, той берген адамга кылмыш иши козголгонун Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, бул окуя Сузакта болгон. Сузактын тургуну биринчи жубайы менен ажырашпай туруп, экинчи аялга үйлөнүп той берген. Тоюнда биринчи аялынын, балдарынын аларды куттуктаган тасма июндун башында интернетке тараган.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, Жазык кодексинин 179-беренеси («Эки жана андан көп аял алуу») боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда көп аял алууга тыюу салынган мыйзам бар болгону менен ага баш ийбей эки же андан көп аял менен жашаган эркектер оголе көп. Бул маселе коомчулукта кызуу талкууланып келет.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.