ВИДЕО — Бажычынын үйүндөгү пачка-пачка доллары, 30 батири, ондон ашык кымбат машиналары…

ВИДЕО — Бажычынын үйүндөгү пачка-пачка доллары, 30 батири, ондон ашык кымбат машиналары…

Бүгүн, 11-июнда, УКМК Түштүк-батыш бажысынын жетекчиси Нурбек Айтмаматовдун үйүн, иш ордун тинтүү учурунда тартылган видеону жарыялады.

Аталган тасма Айтмаматовдун турак жайын тинткен учурда үйүнөн чыккан пачка-пачка долларлар, сомдуктар, кол саат, зер буюмдар, тапанча жана мыйзамсыз жол менен табылган мүлктөрү деп жалпы баасы 4,5 миллион АКШ долларына барабар 30дан ашуун элиталык батир, 1 миллион доллар чегинде деп бааланган 10дон ашуун автоунаанын сүрөттөрү менен коштолгон…

УКМК маалыматында шектүү кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген…

Мына-мына 40ка чыкмакчы болуп турган Нурбек Айтмаматов бажы тармагына 2002-жылы келген. Баштапкы жылдарда катардагы инспектор, кийин улук инспектор, ага инспектор, 2018-жылдары жетекчи, ага инспектор кызматтарын аркалап, 2020-жылдан тартып жогорку жетекчилик кызматтарга көтөрүлгөн. Тагдыр тамашасыбы,  2020-жылы Айтмаматов Бажы кызматындагы кыңыр иштерге бөгөт коюучу Ички иликтөө жана коррупцияга каршы бөлүмүн башкарган. Учурда камакка алынган Түштүк-Батыш бажысынын жетекчиси кызматына ушул жылы 8-февралда дайындалган эле.

Айтмакчы, ошол дайындоодон бир ай өтүп-өтпөй «Кактус» маалыматтык порталы жаӊы жетекчинин байлыктары тууралуу бир топ кызык маалыматты камтыган журналисттик иликтөө жарыялаган болчу… 

Кыскасы, “мыйзамсыз баюу” беренеси менен камакка алынган Нурбек Айтмаматов «өзүнүн ыйгарым укуктарынан пайдаланып, Түштүк-Батыш бажысындагы товарларды туура эмес декларациялоо үчүн коррупциялык схемаларды колдонуп товарлардын жалган транзитин уюштуруп, ири суммада көмүскө киреше алып турган» деп шектелүүдө…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.