Султан РАЕВ: «Кайран Эрнис, артынан адабияттын “Каалгасын” жаппай, ачык бойдон калтырган экен…»

Султан РАЕВ: «Кайран Эрнис, артынан адабияттын  “Каалгасын” жаппай, ачык бойдон калтырган экен…»

Бир эмес, эки жолу баш сөз жазган алп жазуучуга алкыш!

Калеминин күчү менен кыргыздын кыйырына, чет жактарга чейин аттын кашкасындай таанымал, бирок адамгерчилигинен, жөнөкөйлүгүнөн жазбаган, жаштар үлгү тутар сапаттары мол Кыргыз Эл жазуучу Султан Раевге үй-бүлөбүз менен өзүнчө өзгөчө алкыш айтабыз! Бир эмес, эки жолу байым Эрнис Асек уулунун китептерине баш сөз жазып берди. Биринчиси — Булгаковдун “Мастер менен Маргарита” романынын котормосуна, экинчиси — «Каалга» ыр жыйнагына.

Алыста жүрсө да, өтүнүч кылсаӊ, жок дебейт. Маалкатып жооп бермей коймою жок. Ар дайым жылуу мамилесинен досу Мелис Эшимкановго, Эрниске болгон сый-урматы көрүнүп турат.

Биз, Эрнис экөөбүз, Көк-Жар жаӊы конушундагы квартирада жашап жүргөндө көчөлөш кошуна турдук, жөө басып жүрүп кез-кез жолугушуп калчубуз. Бир курдай жолугуп калганыбызда, Эрнис Булгаковдун романын которуп бүтүп, «эми сиз баш сөз жазып бериӊиз» дегенде, эч ким батына албаган романды которуп салганына сүйүнүп 5 миӊ сом колуна карматты эле. Эрнисим кубанып, бир чети тамашага салып: «Нази, эмитен эле акча түшө баштады, жарык көрүп калса, жолдуу болуп, экөөбүз үй-жай ала алгыдай каражат түшүп калчудайбы, ыя. Кудай буйруса, батирлеп жүрбөй, үйлүү болуп калгыдайбыз» деп күлдү эле. Негизи акыркы күндөрү үйлүү болууну аябай эӊсеп, тилеп жүрдү эле… Ал тилегине жетпей, өмүр эшигин эрте жаап, күйүткө салып кетти…

Бүгүн, 13-июнь туулган күнү. 51 жашка чыкмак.

Эми минтип экинчи өмүрү башталып, ыр жыйнак болуп, ырларынын каалгасы ачылып отурат.

Эрнистин «Каалгасына» баш багып, Эрнистин жан дүйнөсүн тереӊ түшүнүп, улуттук адабияттын кыртышынан сереп салып, дүйнөлүк адабияттын мейкиндик, мезгилдик ченемдеринен байкаштырып баа-сынын берген Султан агабыз «Каалганын» баш сөзүн айтылуу акын Уолт Уитменден баштаптыр…
Сиз да байкаштырып көрүӊүз, кадырлуу окурман…

Назира СААЛИЕВА

…АЧЫК КАЛДЫ “КААЛГА …

( Эрнис Асек уулунун “Каалга” ыр жыйнагына алгы сөз ордуна )

Кезегинде Оскар Уайльддын минтип жазганы бар  “Акындар сүйүүнү өлтүрдү, сүйүү жөнүндө жаза берип”…Бул сөздүн мааниси акындардын сүйүүнү “өлтүргөнүндө”  эмес, адамдык улуу сезимдин тапталган жолун миң басып, миң жолу тытып ийген, бирок сүйүүнүн үлп эткен учкуну, жарк эткен жарыгы, сезимдин серп эткен селпинүүсү, көкүрөктүн тамызгысы  жок айтылган сөздүн кунун түшүнө албай, жазылган ыр саптардын акыр-чикири  тууралуу айтса керек эле.

Сезимди акындар өлтүрө албайт, акын өзү бүт дүйнө, дене бою менен сезимден турса, ал — Алик досум айткандай сезимдин Императору болуп турса, кантип сүйүүнү күмжам кылсын. Уайльддын төркүн кеби башкада, жалпак маңдай, суз сезим, керең дабыш, кургак көкүрөк, илип алар иреңи жок ырларды гана эмес, бу дүйнөгө өз көз карашы, өз боеогу жок, үлбүр жан ырлар, аны жазган акындар тууралуу айткан кыябы…

“Поэт —  карсив как Бог” деген Олжастын ой серпиндиси да, акындын улуулугу менен бийиктигин теңдеши жок түшүнүккө, теңдеш кылып жатпайбы?..

Акын жана поэзия

Бу экөөнүн келечек тагдырын боолгоп койгон Батыш футуристтери, акын да, ыр да акыркы саналуу мезгилин жашап олтуру, ыр да, акын да жоголот деп жарыя айтып келатпайбы?

Поэзия жоголсо, ал дүйнө жоголгонго тете

Сезимдин апокалипсиси го… Акыр заманы эмей эмне?.. Азыр дүйнө түшүнүктөрү жыртылып, чалды куйду замандын жыртыгы ар кай жерден ыдырап жатпайбы… Суунун шылдырын, күндүн нурун, тоонун желин, көлдүн шыбырын, куюндун бийин, жалбырактын дирилдегин, жамгырдын дабышын, айдын жүзүн,жашоонун лазаттын, сулуулуктун чырайын, күлкү менен ыйдын, арман менен кубанычтын, өксүк менен өкүнүүнүн, маанай менен суздуктун, адам менен айбандыктын улуу трагедиясы менен сезим тримфун ким айтып берет…

Ыр… акын…

Уолт Уитмен тирүүсүндө даңкын сезбей, өлгөндө даңкталган акын. Акындардын  (сөздүн чыныгы так маанисиндеги ) тагдыры да Пайгамбар тагдырындай келет. Уолт Уитмен ошондой акындардын бири. Америка поэзиясынын реформатору, поэзия деген түшүнүктүн улуу стеротибин бузган бунтарь акын. Ал поэзиянын стандартын дүйнөнү тангандай, дүйнөнү чангандай кабыл алган. Ал поэзияны цунамиге салыштырган, ырдын күчү  да ошол кудуретке ээ деп эсептеген. Ал Американын ырын уккан, өзү Америка ырындай акын болгон. Анын поэтикалык сыйкыр күчү эмнеде?.. Анын ашып-ташкан энергетикасы эмнеде?.. Анын акындык сыры эмнеде?… Ал айткан “Ар бир акын, ааламдын, адамдын, сезимдин реформатору болуу керек” деп. Анын ырларындагы рифма духу ушунчалык улуу поэзиянын коңгуроосу   болгонун ушу кезге дейре айтып келебиз. Поэзияга күн сайын дүйнөгө жаны төрөлгөндөй жаралып туруушу керек, ансыз анын  эмне кереги бар деп ой  таштаган. Бу сөздүн билигин эмнеден улам жандырып жатабыз?..

Азыркы миң кырлуу дүйнөдө көркөм эстетикага болгон талап да, тааным да түп-тамырынан өзгөрдү. Дүйнө өзгөрдү. Ойлордүн дүйнөсү өзгөрдү. Баалуулуктар  жана дөөлөттөр цикли өзгөрдү. Адабиятты кайсы кырдан кароо, баалоо да өзгөрдү. Түшүнүктөр талкаланды…“Мен каңгыган чөл  дүйнөнүн чекити, атомумун” деп өзү жөнүндө айткан эле Уитмен. Дүйнөнүн чекити, атому болуу акындын гана колунан келеби?..

Эмнеге кеп төркүнүн Уолт Уитменден баштадым, улуу акын менен Эрнис инимдин кандай байланышы, рухий тутуму бар?.. Мен анын кол жазмасын окугандан соң, ушул ойго келдим. Акындарды көп окудум, ыр дүйнөсүн аңтардым. Эрнистин ырлары тууралуу жазайын дегенимде оюма Уитмен гана келип туруп алды. Башка эч ким жоктой. Арабыздан эрте кеткен Алик да, кыяндай жүрүп өткөн Рамис да, булар эң оболу эч кандай формага сыйбаган, жашоо калыбына түшпөгөн, өзүнүн мүнөзү, өзүнүн туруму менен дүйнөнүн тынчын бузгандар, руханий стандарттын вирусунан  обочо жашаган акындар эле.

Колумда Эрнис Асек уулунун кол жазмасы

Бу кол жазма – “Каалга” деген атка сыйгырылган. Бу кол жазманы окудум да, бир айныксыз ойго келдим. Кайран Эрнис, даңкын туйбай өткөн акындай ысмы бу китеп чыккан соң калат деген ойго тушалдым. Ал мени тушаган, көкүрөктү аңтар-теңтер кылган Эрнистин ырында эмес, ошонун баарын көкүрөктө уютуп кармап келген сабырында.

Ал бу ырдын саатын күттү… Тагдыр анын саатын күткөн жок.

Ыр жана тагдыр эки жалгыз аяк жолго түшүп кетти. Эрнис Мелис досумдун иниси эле. Мен аны Мелистей эле жакшы көрчүмүн. Бирок, Эрнис мага дайыма кайсы бир “каалганын” артында турган, ачылбаган дүйнөдөй сезилээр эле. Анда ачылалбай, жарылалбай жүргөн сыр дүйнө бардай туюлчу…  Мелис менен Эрнис бир тууган болгону менен, экөөнүн эки башка космосу, эки башка ааламы бар эле.

Акын – руханий бунтарь

Поэзия стихия, поэзия вулкан, поэзия сейсмика, каалаган учурда жерди жарып, каалаган учурда кыян жүргүзүп, каалаган учурда жерди силкип… “Өткөндөн кийин өкүнбө”  дейт дүйнө-мыйзам, өткөндөн кийин даңктаба дейт дүйнө-мыйзам. Ал да туура чыгар. Жоктун арты сөз менен бар болот…

Эрнистин “Каалгасын” ачпаганда, ал да мага бир кынамда жүргөн, кээде-кээде, кез-кез ырларын ара-чоло окуп калган акын бойдон эле кала бермек… “Сырдалып бүтпөй калды дарбазабыз,ырдалып бүтпөй калды “санжырабыз…” дегендей ак бозун алкынтып кете бермек экен. Ырлары – чекит, түзүмү атом…

Кайсы бир китепкеби, авторгобу баш сөз жазганда, анын бир мыйзамын эстен чыгарбоо керек экен, ал окурманга – интриганы калтыруу, бүйүрүн кызытуу… Бирок, мен үчүн Эрнистин ырлары түк эле дүйнөнүн, кыргыз поэзиясынын чоң интригасындай абалда калтырды. Ал өз ырлары менен антипоэзияны жаратыптыр, салттуулуктун жаназасын окуптур. Биздин айрым адабий журтчулук өкүлдөрү ой айтканда, кайдан-жайдан таап алгандай, Алыкулда мындай эле, Алыкул минтип жазбас эле, Алыкул минтип айтпас эле деп, дүйнөну Алыкулга байлап салгандай, рухий ченемдин арканын кыска байлап коюшат. Бу да эскинин стандартыдыр.

Адабият азыр моролизатор эмес, ал – католизатор, синтез, ойдун экспрессиясы, метафорасы…  Жашоону кара, жазганыбызды кара. Экөө тең канатсыз туюлат. Уитмен болбосо, Америка азыркыдай боло алмак эмес. Акын – бүтүндөй бир дүйнөнү башка ритмге, темпремантке, рифмага салды. Уйкаштыктын буту тушалды. Ойдун гаризонту ачылды. Ушул дух, ушул маанай Эрнистин “Каалгасында” да бар.

Эрнис аз жазып көп окуган, аз “жуушап” көп ойлонгондугун бу китебинде дагы бир ырастап отуру. Анын поэзиясы  башынан аягына чейин көкүрөк даарыган сөздөй ааламдык гармония ширелип турат. Интеллектуалдык поэзия. Эң оболу Эрнистин ыры анын ички деми, тагдыры, жүрөгүнүн кан тамырлары өткөн дүйнөсү. Ал бирде сентимент, бирде эгоист, бирде аристократ, бирде дербиш, бирде сезим кулу, бирде сезим паашасы. Анын ички түшүнүк, көз караш алгоритми ушул мотивацияда. Бирок, жандүйнөсүндөгү бонапарттык дух, бунтарлык касиет аны акындык туйгулардын кызыл сызыгы менен алып жүрөт. Ошол сызык аркылуу чийилген мердианда Эрнистин эч кимге окшобогон, энөө кыял, боз чалган кыйсыпыр дүйнөсү жатат. Китептин башкы сөзү “ кубаныч менен кайгынын, ачуу менен таттунун, өмүр менен өлүмдүн “жарк” дей түшкөн учкундары” менен башталат. Бул абал – анын поэзиясынын табусу, ички коду. Ар бир адам өзүнүн сөзү, жүрүмү,таанымы аркылуу өз тагдырынын генетикалык диаграммасын, матрицасын жазып алат окшойт. Ошол ой аны программалап салат окшобойбу. Эрнис ошол ачуу чындыкта жашаганы ыр “каалгасынан” көрүнүп турат…

«Тиричилик – тикенектүү талаадай» деп айтканын уктуңбу?

(Жылаңайлак таманыңа канча тикен кирди экен?)

«Тиричилик – тикенектүү талаадай» деп айтканын уктуңбу?

(Ал талаада канча тикен болду экен?)

«Омар менен шарап ичип,

Басё менен селсаяк тапааламда

жүрсөм?» деген кыялдарың каякта?

Сыздатасың, күйдүрөсүң досуңду,

Эми кандай кеңеш айтам мен сага?

Тиричилик – тикенектүү талаадай,

А сен болсо тикенектүү адамдай…

*

…кирип кетип тамашага караңгы

болгон аалам караңгыдай көрүндү

кара болуп бара жатты билинбей

катуу болуп бара жатты сезилбей

ириңдеди

чириди

жүрөгү жок адам калды

ААЛАМДА

*

Супа садык чалганда

Суу мончоктой жаш кетип

Өрөпкүп жаны калганда

Өзүнөн өзү баш жетип

Алтын эшик, алтын сөз

Алдына туруп алганы

Бийиктик болуп жалгыз көз

Билинди дүйнө жалганы…

Акыркы аманат…

… Эрнис жубайы менен мен тарапта жашады, мен турган жерге жакын турду. Кээде кезигип калчубуз. “Көрүнбөй калдың го?” десем, Булгаковдун  “Мастер менен Маргарита» романын которуп жатканын айткан. Бир күнү бүттүм деп калды. «Баш сөз жазарсыз, досуңуздун иниси катары эмес, котормочу катарында» деп, уртунан билинер-билинбес жылмайган… Мен сөзсүз жазам… деп, алыска баратканымды, келгенде экөөбүз сөзсүз жолугарыбызды айткамын.

Ыраакта жүрүп, Фейсбукка кирсем, “Мелис Эшимкановдун иниси Эрнис Асек уулу дүйнө салды…” деген жаман кабар жүрөт. Жүрөгүм оопколжуп кетти. Аттиң, дүйнө дедим… Мелисти жоготкондо кандай акыбалда калсам, Эрнистин дүйнө салганы да ошондой абалда калтырды…

Чолок көчөлөрдү карайм биз тараптагы, кудум алдыман Эрнис чыга калчудай…

…Кийин Эрнис которгон “Мастер менен Маргаритага”  баш сөз жаздым. Эрнистин аманаты эле, акыркы…

Эми колумда “Каалга”…

Кайран Эрнис өз артынан адабияттын  “Каалгасын” жаппай, ачык бойдон калтырган экен…

Султан РАЕВ, Кыргыз Эл жазуучусу

P.S. «Мастер менен Маргарита» романына жазылган баш сөздү окуй десеӊиз, бу жердеги ШИЛТЕМЕни басыӊыз…

 

One thought on “Султан РАЕВ: «Кайран Эрнис, артынан адабияттын “Каалгасын” жаппай, ачык бойдон калтырган экен…»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.