ВИДЕО — 6 тилде ырдаган Мелис кызы Миэлла эскерүүдө элди ыйлатып…

ВИДЕО — 6 тилде ырдаган Мелис кызы Миэлла эскерүүдө элди ыйлатып…

Эсен болуп, эстей жүр!

13-июнь. Бүгүн Кыргызстандын бардык аймактарына кеӊири таанылып, элдин эсинде калган айтылуу «Асаба, «Агым», «Баягы Асаба» басылмаларында башкы редактор болуп эмгектенген белгилүү журналист, акын, котормочу, жазуучу, философ Эрнис АСЕК уулунун туулган күнү. Тилекке каршы, ажалга айла жок экен, жездем 49 жыл гана жашады…

Көзү тирүү болгондо бүгүн 51 жашка чыкмак… Арабызда жүрүп, көп ой-максатты күтүп… бирок, капилет жүрөгү кармап былтыр 29-январда өмүр эшигин жаап келбес жайга узап кеткенине 1 жыл 4 ай 13 күн болуптур… Ошондон бери кыргызга калтырып кеткен кыпкызыл эмгеги, мыкты котормосу, түркүн ойго салган ырлары окулуп да, сөз да болуп келет…  

«Баам салып байкап көрсөң сен эгер,

Адамдар бар, өлбөстүкө эгедер.

Акын өлбөйт, өлбөйт акын чынында, 

Жүрөт тирүү ырларынын сабында» деп кыргыздын дагы бир залкар акыны маркум Эсенгул Ибраев агабыз таамай жазып кеткен саптардай экинчи өмүр көчү сапарга чыкты десек болот. Анын башаты — жакында эле, 25-апрелде Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын чоӊ залындагы өткөн эскерүү кечеси, «Каалга» аттуу ыр китебинин бет ачары болду. Анда жездемдин миӊ сырдуу, миӊ кырдуу инсандык да, чыгармачылык да бейнеси ачылып, ырлары окулуп, обон чыгарылган ырлары ырдалды… Көзгө жаш алдырган учурлар көп болду. Анын бири — жездемдин көзү тирүүсүндө таянаар тоосу, акыл кошчусу, ылдыйда өбөгү, өйдөдө жөлөгү болгон агасы Мелис Эшимкановдун кенже кызы Миэлла «Сагынганда атамды» (сөзү А.Өмүркановдуку, обону Э.Талиповдуку) аттуу ырды ырдап бир топ адамды жашытты…  

Миэлла тууралуу учкай сөз кыла турган болсок, апасы Асел Эшимканованын айтымында, ал 3 жашында эле жазганды, окуганды үйрөнүп алган.  Ушундай уникалдуу, таланттуу кыз учурда көркөм гимнастика менен алектенет. Ырдаганды, бийлегенди да жакшы көрөт. Ырдаган жагынан атасын тарткан Миэлла 6 тилде — кыргыз, орус, англис, кытай, француз, еврей тилдеринде ырдайт, бир канчасында эркин сүйлөйт. Кыскасы, Миэлла тууралуу кенен маалыматты бул жердеги маектен кенен билсеӊиз болот... Ал ортодо ар тилде обон созуп ырдаган ырлары менен да тааныша кетиӊиз…

Француз тилинде:

Еврей тилинде:

Англис тилинде:

Эрнис АСЕК уулунун 25-апрелде Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өткөн эскерүү кечесинин толук чыгарылышын көргүӊүз келсе, бу жердеги ШИЛТЕМЕни басыӊыз…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.