ВИДЕО — Нуржигит КАДЫРБЕКОВ: «Эрнис мырза сөздөн чоӊ мунара куруптур, ошол «Каалганы» ачалы»

ВИДЕО — Нуржигит КАДЫРБЕКОВ: «Эрнис мырза сөздөн чоӊ мунара куруптур, ошол «Каалганы» ачалы»

Эсен болуп, эстей жүр!

13-июнь, Эрнис АСЕК уулу жарык дүйнөгө келген күн. Көзү тирүү болгондо бүгүн 51 жашка чыкмак.

Былтыр, 29-январда капилеттен жүрөгү кармап көз жумуп, кайгыга салып кеткенине 1 жыл 4 ай 13 күн болду.

25-апрель, поэзия кечесин өткөрсөк деген бул датаны өзү койгон. Ошол керээз-аманаты былтыр коронавируска байланыштуу өтпөй калып, быйыл Улуу Рамазан айына туш келип, жакшы адамдардын жардамы менен ишке ашты. Программасын да өзү жазып кеткен эле. Ошол кагазга жазылганга жан киргизип берген атактуу адамдарга өзүмдүн, үй-бүлөмдүн атынан ыраазычылык билдирем. Анткени алар  байымдын байлыгынын бири болгон ырларын окуп, жакшы сөз менен сөөгүн агартышты… Сөөгүн агарткандардын бири — Нуржигит Кадырбеков.

Кун Фы Зынын жарык көрүшү…

Бул китептин чыгышы өзүнчө чоң сөз. Анткен менен, учуру келип турганда, Нуржигит Кадырбеков тууралуу учкай айта кетейин. Анда ал «Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фондун жетектеп, Эрнис которгон Кун Фы Зы китебинин жарык көрүшүнө салымы чоң болгон: китепти чыгартып, автордун өзүнө баш сөз жаздыртып, китептин бет ачаарына чейин уюштуруп берди эле…

Анда ошол автор жазган баш сөзгө назар буруп көрөлүчү…

Архивден…

КОНФУЦИЙДИН КЫРГЫЗЧА ОКУУСУ

(Котормочудан баш сөз)

 Жолду издеген табат. Бирдики миңге, миңдики түмөнгө

(Кыргыз накылы)

Кун фу зы жөнүндө эмнелер гана айтылбады, эмнелер гана жазылбады. Байыркы кытайдын ойчулу, Кун-зы Окуусун түзгөн даанышман биздин доорго чейин V-VI кылымдарда жашаган. Кун фу зынын Окуусу жыйырманчы кылымдын башына чейин (!) кылкылдаган Кытайдын идеологиясы болуп келди. Мамлекеттик башкаруунун Жол-Жобосун калыпка салган дал ушул Кун устат болгон. Адамтаануудан ааламтаанууга чыйыр салган бул инсанга таазим эткенден башка арга жок. Канчалаган кылымдардан бери кызыл-чеке талашка түшүрүп, дүйнөнү дүңгүрөтүп келаткан даанышмандын айткан-дегендерин ар ким алына жараша кыргызчалап келет. Айрым накыл кептери басма сөз беттеринен көрүнүп калганы болбосо, өзүнчө бир китеп болуп кыргызча чыкканын көрө элекмин. Эми Конфуцийдин осуяттарын толук кыргызчалаганга чамабыз чак болуп туру. Биз болгону келечек муунга «жем таштадык» деп туралы.

Бул китепте Кун фу зынын мамлекеттик башкарууну түптөөгө, Адамгерчилик (человеколюбие) деген түшүнүктүн туу чокусуна чыгууга, мамлекеттик этиканы, Каада-салт, Үрп-адат, Нарк-насилди туу тутууга, Жол (Дао) табууга багытталган «Люнь Юй» («Насыяты менен осуяттары») деп аталган китебин эркин кыргызчалап олтурабыз. Кун фу зынын айткандарына, андагы каармандарга, түк эч нерсеге түшүндүрмө бергенибиз жок. Жаңылып калбайлы деп чочуладык. Анткени Кун фу зыны которуу өтө кыйынга турду. Дегеним, кыргыз тилинде бардык философиялык түшүнүктөр күнүмдүк тиричилигибиз менен жуурулушуп турганы менен, Советтик империянын кесепети тийип, кыргызча философиялык терминдер калыптанбаганына күбө болдук. Ошондуктан жеке котормочунун түшүнүгүнө байланып кыргызчаланды. А билимгөй окурман өзү ыкка салып алаар, изилдеп алаар. Бир аз гана мисал келтире кетели. «Благородный муж», «мудрец» деген түшүнүктөрдү бала кезимде чоң апам көп колдонгон «Ак ээк» деген сөз менен бердик. Ал эми «Дао» деген кеңири түшүнүктү орустар «путь» деп которуп, түшүндүрмөсү менен берип жүрүшөт. Кыргызча ал «Жол», «Жол-Жобо», «Жол-Жосун» деген сөздөрдү бириктирген эле сөз экен. Биз негизинен «Дао» түшүнүгүнө карата «Жол-Жосун» деген сөздү колдондук. Анан эң орчундуу дагы бир «Дэ» түшүнүгүн орустар «добродетель» — «изги», «изгилик» деп берип жүрүшөт. А кыргыз түшүнүгүндө ал «дээр» деп эле которулат экен. «Болмуш», «Жазмыш», «Сый» ушул сыяктуу жана башка философиялык, улуу, терең түшүнүктөрдү да орду менен колдонгонго аракеттендик. Кыскасы, Кун Фу зынын аалам кулачына батпаган эмгегинин кичинекей бир бөлүгүн гана Окурман сотуна коюп жатабыз.

Эрнис АСЕК уулу, 2016-жыл

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.