ВИДЕО -ТЕКЕБАЕВ: «Эрнистин кеткени менин жан дүйнөмдүн, менин бир бөлүгүмдүн кеткениндей…»

ВИДЕО -ТЕКЕБАЕВ: «Эрнистин кеткени менин жан дүйнөмдүн, менин бир бөлүгүмдүн кеткениндей…»

Эсен болуп, эстей жүр!

13-июнь, Эрнис АСЕК уулу жарык дүйнөгө келген күн. Көзү тирүү болгондо бүгүн 51 жашка чыкмак.

Былтыр, 29-январда капилеттен жүрөгү кармап көз жумуп, кайгыга салып кеткенине 1 жыл 4 ай 13 күн болду.

25-апрель, поэзия кечесин өткөрсөк деген бул датаны өзү койгон. Ошол керээз-аманаты былтыр коронавируска байланыштуу өтпөй калып, быйыл Улуу Рамазан айына туш келип, жакшы адамдардын жардамы менен ишке ашты. Программасын да өзү жазып кеткен эле. Ошол кагазга жазылганга жан киргизип берген атактуу адамдарга өзүмдүн, үй-бүлөмдүн атынан ыраазычылык билдирем. Анткени алар  байымдын байлыгынын бири болгон ырларын окуп, жакшы сөз менен сөөгүн агартышты… Сөөгүн агарткандардын бири — Эрнис көзү өтөөр өткөнчө сыйлап, баалаган Өмүрбек Текебаев. 

Жакшы сөз менен байымдын сөөгүн агарткандарга ыраазычылык билдирем.

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.