Болот МАМБЕТИСАЕВ: «Эрнис агабыздын аты кыргыз поэзиясында алтын тамга менен жазылып калат»

Болот МАМБЕТИСАЕВ: «Эрнис агабыздын аты кыргыз поэзиясында алтын тамга менен жазылып калат»

Жакында эле белгилүү журналист, жазуучу, котормочу, философ, акын Эрнис АСЕК уулунун «КААЛГА» аттуу ыр китеби жарык көрдү. Ал «Сонун го», «Нуска»  китеп дүкөндөрүнүн текчесинен орун алды.

«Каалга» китеби тууралуу жаштардын пикирин билүү максатта, айрым жаш акындарга кайрылдык. Буга чейин пикирлерин төкмө жана жазмакер акын Турдубек уулу Садырбек, жаш акын, тарыхчы Дыйканбек Шамшидин уулу билдиришти эле, эмки сөз студент, жаш акын Болот Мамбетисаевде:

— Эрнис Асек уулу агабыздын адамдык сапаты бийик, мыкты акын экенин биз жакшы билебиз. Ырларынын стили башкача, өз оюн эркин айта алган мыкты акын, журналист катары тааныйбыз. Агабыздын ырларынын баары мыкты, ар бир ыры жандуу. Ырларын жасап эмес, жашап жазганы окуганда эле билинип турат. Агабыздын эки, төрт саптары өтө күчтүү. Эки сап менен эле чоӊ теманы ачып берген. Ырлары башка акындарга караганда мыкты.

Мына, жакында эле «Каалга» аттуу китеби жарык көрдү. Ага агабыздын орусча ырлары да кирген. Андагы «Жить» деген ырына опера ырчысы Тимур Дайрабаев обон чыгарганын эскерүү кечесинде уктук. «Кубаныч илими» деген ырына обон чыкканына да күбө болдук. Демек, агабыздын экинчи өмүрү башталды. Ырларына обон чыгып, ырдалып жаткандан кийин, агабыздын аты өчпөй, түбөлүк жашайт.

Китебин чыгарып, агабыздын ырларына өмүр берип жаткан Назира жеӊебизге, тууган-уругуна ыраазычылык билдиребиз.

«Мыкты акыныбыз» деп биз, жаштар, Эрнис агабыз менен сыймыктанып, унутпай, түбөлүк атын айтып жүрүшүбүз керек! Агабыздын ырларын окуп, жаттап, ар бир ырынын тарыхын кийинки муунга айта жүрүү, жеткирүү биздин милдет. Себеби, Эрнис агабыздай мыкты акын бир гана жаралат экен.

Агабыздын ырлары эл оозунда айтылып, обондору оболоп, аты кыргыз поэзиясынын тарыхында алтын тамгалар менен жазылып калат деген ойдобуз.

Бизге үлгү болуп кеткен мыкты акын Эрнис Асек уулу агабыз тууралуу айтылчу сөз али алдыда…

«СОНУН ГОдогу» студент

Студент, жаш акын Болот Мамбетисаевди учкай тааныштыра кетсек, ал 1996-жылы 5-апрелде Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Казыбек айылында төрөлгөн. «Жаңы толкун» адабий клубунун мүчөсү. Учурда «Сонун го» китеп дүкөнүндө иштеп, сабатарын да, атактуу акын, жазуучулардын да китептерин да калтырбай окуп келет.

Улуттук маданиятка астейдил мамиле кылып, улуттук адабиятты сүйгөн, улут көрөңгөсүн көтөрө турган сергек, дилгир, акылдуу, ыймандуу ушундай жаштарды көрүп кубанбай кое албайсыӊ. Мындай жакшы көрүнүш, азыркы аӊтар-теӊтер заманда, мамлекетибиздин өнүгүүсүнө чоң өбөлгө болчу жаңы муун бар экенинен кабар берет… Жаштарга ийгилик каалайбыз!

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

P.S. «Сонун го» китеп дүкөнү Бишкек шаарындагы Чүй проспектисинде,  Исхак Раззаков көчөсү менен кесилишкен жерде жайгашкан. Аталышы айтып тургандай, бул жерде пайдалуу, сонун китептер бар. Атактуу акын, жазуучулардын китептеринин катарын эми «Каалга» да толуктады. Буйруса, поэзия күйөрмандарын кайдыгер калтырбайт деген ишенимдебиз!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.