Дыйканбек ШАМШИДИН уулу: «Эрнис агай 4 сапка эле кычыраган кышты батырып койгон»

Дыйканбек ШАМШИДИН уулу: «Эрнис агай 4 сапка эле кычыраган кышты батырып койгон»

Жакында эле белгилүү журналист, жазуучу, котормочу, философ, акын Эрнис АСЕК уулунун «КААЛГА» аттуу ыр китеби жарык көрдү. Ал «Сонун го», «Нуска»  китеп дүкөндөрүнүн текчесинен орун алды.

«Каалга» китеби тууралуу жаштардын пикирин билүү максатта айрым жаш акындарга кайрылдык. Алгач төкмө жана жазмакер акын Турдубек уулу Садырбекке кайрылып, пикирин уктук. Эми кезек жаш акын, тарыхчы Дыйканбек Шамшидин уулунда:

— Эрнис Асек уулунун ыр китебин жубайы Назира эжеден белек катары алганымда дароо аталышы көзүмө түштү. «Каалга…» Ачылып турган каалганын артында не деген поэзиянын сырлары катылып жаткандай туюм калтырды. Адаттан тыш ыкма менен жазылган саптар, бир окуган адамга дароо эле тереӊде жаткан маанисин ача койбойт экен. Окуйсуӊ, улам окуйсуӊ, анан сенин көз алдыӊа кудум эле сөз кудурети менен тартылган ажайып көрүнүштөр келет. Мисалы, Эрнис агайдын «Үчтүн айы» деген ырында:

              Тумагын күбүп жатты…

              Күрүлдөйт меш…

              Босого чарчап турат.

             Терезе турат күлбөй….

Бул төрт сабына бүтүндөй кыштын кычыраган айын батырып койгон. Башка сөздүн кереги да жок. Эми бул китебиндеги ырлардан алган таасирлеримди жаза берсем өзүнчө бир чоӊ тема болоор.

Эрнис агайдын басып өткөн жолуна көз чаптырып отуруп төмөндөгүдөй ойго чөмүлдүм. Негизи эле залкар адамдар атак-даӊктын аркасынан түшпөй, жупуну жашап өтүшөт го деген ойго келдим. Алар күн-түн дебей изденип, өзүнө-өзү канааттанбай, аз да болсо эл үчүн эмгек жаратууга талпынышат экен. Мына ушул сөздүн чыныгы өрнөгүн Эрнис агайдан көрсөк болот. Аз жашаса да өрнөктүү өмүр сүрүп, айрыкча кыргыз тилинин өнүгүүсүнө аба менен суудай керек болгон котормочулук боюнча калтырып кеткен эмгектери баа жеткиз.

Ал эми жогоруда айтып өткөн китеби поэзия дүйнөсүнө ар бир окурманды жетелеп, келечек жаштарга ыр жазуу бир гана жамактатып жазып, биринин артынан бирин китеп кылып чыгаруу эмес, ырдын ар бир сабы менен жашап, жаратылышты сүрөттөсө анын кенен койнуна кирип, суулары менен агып, сезип да, туюп да билүү экендигин далилдеп турат. Жакшы адамдар эч качан унутулбайт!

Ал эми Эрнис агайдын калтырып кеткен эмгектерин жумурай журтка жеткирүүгө кылып жаткан аракеттери үчүн өмүрлүк жары Назира эжеге тереӊ таазим!

Айтылуу Айтматов менен жолушкан жаш тарыхчы….

Дыйканбек Шамшидин уулун учкай тааныштыра кетсек, ал 1993-жылы Нарын облусуна караштуу Жумгал районунун Түгөл-Сай айылында туулган. 10 жашынан баштап ыр жаза баштаган. Ырлары райондук, облустук, республикалык гезиттерге жарыяланган. 2006-жылы «Сырдана» коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулган «Мектеп таланттары» аттуу республикалык конкурста жазган ыры менен 1-орунга ээ болгон. 2008-жылы Чыӊгыз Айтматовдун 80 жылдыгына карата «Сильва» билим борбору уюштурган «Мугалим — ардактуу инсан» аттуу ырлар сынагында анын ыры мыкты он ырдын катарына кирип, залкар жазуучу Чыӊгыз Айтматов менен жолугушкан. Ошол эле жылы Жаштар министрлиги уюштурган Чыӊгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча эл аралык сынакта Ардак грамота менен сыйланган. 2012-жылы ЖОЖ студенттеринин арасында уюштурулган сынакта «Жаз жана Эне» аттуу ыры менен 3-орунга ээ болгон. «Ырлар менин аярлаган казынам» аттуу ыр китеби 2017-жылы жарык көргөн.

Жогорку билимдүү. 4 тилде (кыргыз, орус, түрк, англис) эркин сүйлөйт. 2016-жылы Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин тарых бөлүмүн, анан Түркиянын Анкара шаарындагы Анкара Йылдырым Бейазыд университетинин магистратурасын аяктаган. Учурда «Супара» этнокомплексиндеги интерактивдүү музейде кыргыз тарыхын баяндап берүүчү болуп эмгектенет.

Музей барган да, барбаган да арманда…

“Супара” этнокомплексиндеги интерактивдүү музей тууралуу айта кетсек, ал экс-президент Роза Отунбаева, президент Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Асанбаева жана башка музей таануучу адистер, өнөр чеберлеринин катышуусунда ушул жылы 11-мартта ачылган.

Элди суктандырган керемет “Супара” комплексин коомдук ишмер, улуттук маданиятты өнүктүрүүгө чоӊ салым кошуп кеткен мыкты ишкер, публицист, маркум агабыз Табылды Эгембердиев негиздеп берип кетсе, жолдошунун ишин жогоркудай табылгалар менен байытып улантып келе жаткан Жаӊыл эжеге тереӊ таазим!

А биздин айтаарыбыз, интерактивдүү музейге барыӊыздар, бай, жандуу, кылымдарды карыткан, дагы кылымдар карытчу тарыхыбыз бар, аны Дыйканбек айтып берет.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.