УКМК жасалма диплом колдонгон депутатты аныктады. Ал ким?

УКМК жасалма диплом колдонгон депутатты аныктады. Ал ким?

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) З.Т.З.  аттуу Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты, мурдагы вице-спикер жасалма дипломду колдонгону аныкталганын билдирди.

Айтымында, депутат тээ 1998-жылы билим алуу үчүн акы төлөбөгөндүктөн Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Тарых факультетинин үчүнчү курсунан чыгарылган. Бирок «окуусун толук аяктап алган» Кыргыз улуттук университетинин диплому жасалма документ экени жана аны билимин өркүндөтүү үчүн ОшМУга сырттан окууга тапшырууда колдонгондугу аныкталып отурат. Ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаты сындуу активдүү саясий ишмердүүлүк мезгилинде экинчи жогорку билимди да алган.

Тактоолордон улам, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинен алынган жоопко караганда, «З.Т.З» деген инициалдарга туура келген фамилия университеттин бүтүрүүчүлөрүнүн катарында жок болгон, аныкы деп көрсөтүлгөн номер менен катталган диплом башка адамга берилген.

Кыскасы, УКМК тараткан маалыматта «З.Т.З» деп башкы тамгаларын кыскартып канча жашырган менен, ал инициалдар ушул тушта Кумтөргө байланыштуу атайын кызматтын тергөө абагында жаткан Жогорку Кеңештин депутаты Зулпукаров Төрөбай Закировичтин аты-жөнүнө туура келерин баарыбыз эле байкадык. Маалымат үчүн, Зулпукаров Төрөбай Закирович КСДП фракциясынын депутаты, 2012-2015-жылдары вице-спикер болгон.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.