ВИДЕО — Эшимкановдордун сүрөттөрүн дал өзүндөй тарткан залкар сүрөтчү

ВИДЕО — Эшимкановдордун сүрөттөрүн дал өзүндөй тарткан залкар сүрөтчү

Эрнис АСЕК уулу. Байымдан ажыраганыма 1 жыл 4 ай 14 күн болду. Кечээ туулган күнү эле. 51 жашка чыкмак. Сөзүн, өзүн эскерип, куран окудук.

Бар жарым ай мурун эскерүү кечесин өткөргөнбүз. Андагы жакшы адамдардын айткандарын кечээтен бери видеодон көрүп, угуп жатасыздар. Бүгүн ошол күнү Эрнистин сүрөтүн түстүү, жандуу тартып келип, сөз сүйлөп тапшырып кеткен, керемет, шедевр сүрөттөрдү жаратып келаткан белгилүү сүрөтчү Асан Турсункулов агабыздын чеберчилигин айта кетпесем болбойт.

Ушул агабыздын кыл калеминен жаралган «Буюккан кайран жылдыздарым» аталыштагы өзгөчө көргөзмөгө былтыр кайын агам Мелис Эшимкановдун сүрөтү кошулса, быйыл байым Эрнис Асек уулунун ушул сүрөтү кошулганы турат…

Эрнистин бу сүрөтүн көргөндөр фотосүрөт го деп аябай карап, таӊгалып, Асан агабыздын талантына таазим кылып айтып бүтпөй жатышат…

Асан агабыздын тарткан портреттери алдыӊыздарда:

Эрнис АСЕК уулу: «Ушунчалык жандуу тартат экен, «Мына сага чеберчилик!» 

Эрнистин көзү тирүү болгондо ушул сөзүн Асан агайга айтмак экен, аттиӊ. Укмуш, жандуу портреттерди карап отуруп, Эрнистин америкалык сүрөтчү Кевин Дэниел тууралуу жазганын эстедим. Орустардын «Культура» каналын көп көрүп, дүйнөлүк чыгармачыл адамдардын өнөрүнө баа берээр эле.

4 жыл мурун байымдын жазганын бу жердеги ШИЛТЕМЕден окуӊуз.

Дүйнөнү таӊгалдыра турган кылкалем чеберибиз Асан Турсункулов агабыздын мамлекеттик сыйлыгы алигүнчө жоктугу өкүндүрөт. Ооз ачырган сүрөттөрүн көрөм десеӊиз, Кыргызстандын сыймыгы Асан агабыз тууралуу кенен маалымат окуйм десеӊиз, бул  ШИЛТЕМЕни басыӊыз.

Назира СААЛИЕВА

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.