Аида Касымалиева менен Ибрагим Жунусов Ташкентте кайсы «Жол картасын» кабыл алышты?

Аида Касымалиева менен Ибрагим Жунусов Ташкентте кайсы «Жол картасын» кабыл алышты?

Бүгүн, 15-июнда, спикердин орун басары Аида Касымалиева, Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусов, «Борбордук Азия аялдар лигасы» коомдук фондунун директору Асел Атабекова Ташкенттеги эл аралык бизнес форумунун ачылышына катышышты. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, А.Касымалиева, И.Жунусов, А.Атабекова катышкан«Борбордук Азияда жана Афганистанда туруктуу өнүгүү үчүн аялдардын экономикалык укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» эл аралык бизнес форуму Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенаты жана БУУнун Өнүктүрүү программасы тарабынан уюштурулган.

Форумга Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын төрагасы Танзила Нарбаева, Улуттук массалык маалымат каражаттарын колдоо жана өнүктүрүү коомдук фондунун Камкорчулар кеңешинин төрагасынын орун басары Саида Мирзиёева катышкан.

Аида Касымалиева Борбордук Азияда жана Афганистанда гендердик теңчиликке жетишүү тармагында аймактык жана эл аралык кызматташуунун учурдагы көйгөйлөрүн жана мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоодо, аялдардын ишкердүүлүгүнүн потенциалын жогорулатууда мындай иш-чаралардын жогорку маанилүүлүгүн баса белгилеп, Кыргызстандагы аялдардын учурдагы абалы, анын ичинде алардын бизнестеги ролу жөнүндө кыскача маалымат берип өткөн.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар аялдар бизнесин өнүктүрүү боюнча тажрыйбалары жана ой-пикирлери менен алмашышып, Афганистан, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын ишкер аялдарынын бизнес чөйрөсүндөгү кызматташуусунун келечектүү багыттарын талкуулашып, иш-чара жыйынтыгында Биргелешкен билдирүүнү жана Борбор Азия менен Афганистандын аял-ишкерлеринин ортосундагы кызматташтыктын «Жол картасын» кабыл алышкан.

Кошумчалай кетсек, форум өзүнө ишкер аялдар жетектеген ишканалардын продукцияларынын көргөзмөсүн, ишкер байланыштарды жана ишкер өнөктөштүктү орнотуу жана өнүктүрүү боюнча B2B жолугушууларын камтыйт.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.