Атахан КОЖОГУЛОВ: «Кара бакты караан кылып олтурам, кадырлаган бир досумдан айрылып» (ВИДЕО)

Атахан КОЖОГУЛОВ: «Кара бакты караан кылып олтурам, кадырлаган бир досумдан айрылып» (ВИДЕО)

Эсен болуп, эстей жүр!

РЕДАКЦИЯДАН: Мыкты котормочу, акын, журналист, жазуучу, философ, гений Эрнис АСЕК уулунун дүйнө салып кеткенине 1 жыл 4 ай 15 күн болду. 

“Артыңда эстей жүргөн кишиң болсун, эскерип жүрөр ишиң болсун” дегендей, Эрнис АСЕК уулун жылы бою эмгеги менен эскерген адамдар оголе көп болду. Өзү да, сөзү да, эмгеги да, бир тууган агасы Мелис Эшимканов да эскерилүүдө…

Кудайдын кулагы сүйүнсүн, эки гений ага-инини эскерген жакшы адамдар көп болууда. Редакцияга келген эскерүүлөрдү, 25-апрелдеги эскерүү кечедеги маркумдун аманатын аткарган жакшы адамдардын айткандарын күнүгө берип турабыз.

Жакшы адамдардын бири — белгилүү теле журналист, акын Атахан Кожогулов. Ал эскерүүдө алгач Эрнистин ырын, анан өзүнүн жоктоо ырын окуп берген:

… кулаар 
Кайсыл жол, кайсыл чыйыр, кайсы тарап?
Калдайган асман дагы келет кулап…
«Атакем кандай эле? Мындай беле?..» —
Ай, аттиң, уулум дагы турар сурап.

Сөзүм жок, сөздүн баары жалган белем,
Сөөмөйдөй аруу тилек калган белем.
Жараткан жетим кылып бул дүйнөнү,
Жашоону жесир кылып салган белем.

Кийим да өңү өчүп, эскирет дейт,
Эчки да ажал келсе, эчкирет дейт.
Бүтүндү бүлүндүргөн мыйзам ушул,
Таң атса тагдыр өкчөп, кеч кирет дейт.

Жараткан чачылганды жыйнап туру,
Жанчылган жан-дилимди кыйнап туру.
Моюнга салып жатып сыйыртмакты
Көзүмдө Көкө Теңир ыйлап туру.

Көл толкуур, жамгыр төгөөр, шамал ураар,
Көөдөндө жолу туюк амал тураар.
Сырларым сыртты көздөй аңтарылып,
Ырларым бөлүп турган дубал кулаар,
Ырларым бөлүп турган дубал кулаар…

Эрнис АСЕК уулу, 2008-жыл

ДОСТУ ЭСТЕП

(Эрнис Асек уулуна)

Кечээ көргөн бүгүн жок деп кайгырып,

кан жолуңду тиктеп карек талдырып.

Кара бакты караан туттум жалгыздап,

кадырлаган жакын достон айрылып.

 

Жатат анда шыбак басып мүрзөсү,

жанда келет кайрат берген бир сөзү.

Күтүлбөстөн кырктан өтүп кыйрабай,

кылым санап узак өмүр сүрсөчү.

 

Зор дайранын агымында термелип,

Закымында кайда барып келбедик.

Сенсиз жазда жамгыр тынбай төгүлөт,

сенин жашың, менин жашым өңдөнүп.

 

Карап туруп жамгыр тынбай төккөнүн,

күндөй жарык ал күндөрдү эстедим.

Ачуу жашым аралашып жамгырга,

аттигиниң жамгыр болуп кетпедим.

 

Өмүр боюу кемиген бир тузумдур,

өмүрдөгү колдон учкан кушумдур.

Сапарымды картайткандай менин да,

Сенсиз жазды тосуп алган ушул жыл.

 

Көр турмуштан көңүл чындап кирдеди,

көзүң сындуу тиктейм ушул дүйнөнү.

Аз да болсо топук берет жаныма,

асыл күлкүң уул-кызыңда жүргөнү.

 

Чиркин тагдыр жаздырарда алдырып,

чийеленген күндөрүмдү жай кылып,

кара бакты караан кылып олтурам,

кадырлаган бир досумдан айрылып.

Атахан КОЖОГУЛОВ

(2020) Март

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.