Каныбек ОСМОНАЛИЕВ: «Жасалма диплом менен уялбай иштеп жүргөн адам өзү коом үчүн коркунучтуу!»

Каныбек ОСМОНАЛИЕВ: «Жасалма диплом менен уялбай иштеп жүргөн адам өзү коом үчүн коркунучтуу!»

Билим берүүнүн отличниги, профессор, экс-депутат, учурда Улукбек Мариповдун социалдык маселелер, саламаттык сактоо, билим берүү, дин, спорт жана башка маселелер боюнча кеңешчиси Каныбек Осмоналиевичке чуулгандуу жасалма диплом тууралуу собол узатып, мындай жооп алдык:

Жасалма диплом берүү жана аны сатып алуу бул өтө чоң кылмыш! Мамлекетке абдан зор зыян алып келет. Анын моралдык-психологиялык таасири эбегейсиз. Ошол жасалма диплом менен уялбай иштеп жүргөн адам өзү коом үчүн коркунучтуу! Ал эч убакта таза иштей албайт. Мындай адамдарды жана дипломду саткан дары ырайымсыз жазалоо зарыл! 90-жылдары бул кылмыш кеңири тарагандай? Демек, терең изилдөө керек! Менимче, өзүнчө эле кылмыштуу топтор орун алгандай! Өзү билим берүү системасы өлдү. Эгерде катуу текшерсе, мындан дагы оор кылмыштар ачылат.

Эске сала кетсек, кечээ, 14-июнда, УКМК Жогорку Кенештеги КСДП фракциясынын депутаты, мурдагы вице-спикер, учурда «Кумтөр ишине» байланыштуу атайын кызматтын тергөө абагында жаткан Зулпукаров Төрөбай Закировичтин жасалма диплом колдонуп келгендиги аныкталгандыгы тууралуу маалымат тараткан.

Кыргыз улуттук университет эмне дейт?

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин маалыматына караганда, «З.Т.З» деген инициалдарга туура келген фамилия университеттин бүтүрүүчүлөрүнүн катарында жок болгон, аныкы деп көрсөтүлгөн номер менен катталган диплом чынында башка адамга берилген. Ошондой эле «З.Т.З» билим алуу үчүн акы төлөбөгөндүктөн 1998-жылы аталган окуу жайдын тарых факультетинин үчүнчү курсунда окуудан чыгарылган. Ага ылайык, «окуусун толук аяктап алган» Кыргыз улуттук университетинин диплому жасалма документ жана «З.Т.З» аны билимин өркүндөтүү үчүн ОшМУга сырттан окууга тапшырууда колдонгондугу аныкталып отурат. Ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаты сындуу жандуу саясий ишмердүүлүк мезгилинде экинчи жогорку билимди да алган экен…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.