Электр тарифин көтөрүү президент менен макулдашылганын министр билдирди. А сиз макулсузбу?

Электр тарифин көтөрүү президент менен макулдашылганын министр билдирди. А сиз макулсузбу?

Электр тарифи президент менен макулдашылганын энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев бүгүн, 16-июнда, журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Неси болсо да, министрлик 15-июндан баштап Кыргызстанда 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясынын мурдагыдан башкача тариф саясаты боюнча токтом долбоорун коомдук талкууга койду. Ага ылайык,

  • ушул жылдын 1-сентябрынан тарта электр энергиясынын бир кВт/сааты 1 сом 9 тыйындан эсептелет;
  • эгер керектөөчү бир айда электр энергиясын 1000 кВт/сааттан ашык жакса, андан аркы баа 2 сом 52 тыйындан саналат.
  • мурда айтылгандай турмуш-шартка жараша өзүнчө тариф каралбайт, бул тариф калктын бардык катмары үчүн бирдей иштейт.

Министрлер кабинети жарык баасын жыл сайын жогорулатууну пландоодо. Токтом долбоорундагы маалымат боюнча, 2022-жылы электр энергиясынын бир кВт/сааты 1 сом 48 тыйынга чыгат. Андан кийин жылдык инфляция деңгээлине жараша кымбаттап турат.

Ал эми көп киреше алган бизнес болуп саналган арак, цемент чыгарган заводдор, алтын кен ишканалар, майнинг фермалар электр энергиясынын бир кВт/саатына 5 сом 4 тыйын төлөй тургандыгын билдирди министр Доскул Бекмурзаев.

Ушул тапта элге электр энергиясынын бир кВт/сааты бирдиктүү тариф менен 77 тыйындан берилип жатат. Кыргызстанда жылына орто эсеп менен 14-15 млрд. кВт/саат электр энергиясы өндүрүлөт. Өлкө өзүн электр жарыгы менен камсыздай албай калган жылдары коңшу Казакстан менен Өзбекстандан сатып алат.

2021-жылы электр энергиясынын таңкыстыгы 3 млрд. кВт саат деп эсептелди. Учурда өкмөт Казакстандан 900 миллион, Өзбекстандан 750 миллион кВт/саат электр энергиясын алып жатат жана аны үч жыл ичинде бөлүп-бөлүп кайра электр энергиясы менен кутулуу пландалууда дешет.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.