Искендер КОЖОКЕЕВ: «Эрнистин ырлары өчүп бараткан сезимди ойготуп, жан дүйнөмө бүлүк салды»

Искендер КОЖОКЕЕВ: «Эрнистин ырлары өчүп бараткан сезимди ойготуп, жан дүйнөмө бүлүк салды»

Эсен болуп, эстей жүр!

РЕДАКЦИЯДАН: Мыкты котормочу, акын, журналист, жазуучу, философ, гений Эрнис АСЕК уулунун дүйнө салып кеткенине 1 жыл 4 ай 16 күн болду. 

“Артыңда эстей жүргөн кишиң, эскерип жүрөр ишиң болсун” дегендей, Эрнис АСЕК уулун жылы бою эмгеги менен эскерген адамдар оголе көп болду. Өзү да, сөзү да, эмгеги да, бир тууган агасы Мелис Эшимканов да эскерилүүдө…

Кудайдын кулагы сүйүнсүн, эки гений ага-инини эскерген жакшы адамдар көп болууда, жаркын элестерине арналган ырлар жаралууда. Редакцияга келген эскерүүлөрдү, жакшы адамдардын жардамы менен ишке ашкан 25-апрелдеги эскерүүнү күнүгө берип турабыз.

Жакшы адамдардын бири — биздин окурманыбыз акын Искендер Кожокеев. Искендер агабыздан да жакшы бир эскерүү баяны келген экен, ортоктош болуп окуп коюӊуз.

Эрнис АСЕК уулу

Бул ысымды «Асаба» гезитинен тааныгам. Кыска-нуска жазгандарын, котормолорун окучу элем. Ыр жазаарын билбепмин. Ырларын 25-апрелдеги эскерүү кечесине барып уктум. Эки ырына да жакшы обон чыгыптыр. Обонду опера ырчысы Тимур Дайырбеков чыгарган экен, автордун аткаруусунда уктук.

Эрнистин акындыкты, котормочулукту жана журналистиканы нөшөрлөгөн жамгыр сымал жашыл ааламга айлантып түбөлүктүн куурабас жашоо берип, удургуган бороонго, бурганактап жааган карга моюн бербей өчпөс элес калтырып, асманга карай куюнга окшоп бийиктикти карай атырылып чыгып адам баласынын демине-дем кошуп, өчүп бараткан жүрөк сезимин ойготуп, сырдуу аралдагы жашоого сүӊгүп кирип, эми жол тапкандай сезим калтырган ыр саптары жан дүйнөмө бүлүк салды. «Периштеӊ» деген ырын мисалга алсам, анда өзүнүн жана келинчеги Назиранын абалын берип койгон. Тиги дүйнөмө кетип калып да экөөнүн сүйүүсүн даӊазалап жатат.

«Кайыр кошко» тилим барбайт,

«Келбейм эми» дей албайм.

Ал анткени, бир себеби,

Махабатты жеңе албайм» деп атат.

Эмне деген ыр! Укмуш эми… Ырларынын баары мыкты экен. Ырды орусча да ыр жазчу экен. «Жить» деген ырын угуп отурсам, ал биз менен коштошуп жаткандай… Анын аягында:

чувствую

чувствую

и мне очень страшно

осталось немного дней

я хочу жить

деп атпайбы… Ушул ырларынын жылын келинчеги Назирадан сурасам, 22 жашында жазыптыр. Ого бетер таӊгалдым. Сөз жок.

Ушундай көп кырдуу, сырдуу талантынын бир тамчысын гана кыргыз элине белек катары калтырып кетти. Өмүрү өтө кыска экен. Оргуштаган фонтанды толук чыгара албай, жарк-журк эткен чагылган сыяктуу бир көрүнүп жок болуп өзү менен кошо ала кетти. Аттиӊ, кыргыз элине бир келген бийик денгээлдеги баа жеткис  чыгаан уулун шум ажал арабыздан алып кетпегенде, ал дүйнөнү дүӊгүрөткөн далай котормолорду бермек экен деп жан дүйнөм эӊшерилип кетти. Эскерүү кечесиндеги карегиме тартып алган сүрөттөрүн улам-улам карап, «көз алдыма чубатып океан турбайсыӊбы» деп шыбырап жаттым. Ал жерде көпчүлүк ыйлап отурду… Эрнис өзү айтып кеткендей, «Өмүр менен өлүмдүн «жарк» дей түшкөн учкундарын элге түшүндүрдү. Өзүнүн деӊгээлиндей жогорку деӊгээлде эскерүү өткөргөн, жолдошунун аманатын аткарган жубайы Назирага ичим жылыды. Карындашым саргайган сары кагазда калган Эрнистин кол жазмаларын китеп кылып чыгарып, элге тартуулап, элдин жүрөгүнөн орун таптырат деп ишенем. Аманатты аткаруу чоӊ милдет, эрдик, Назира ошол ишти жасады. Ага бекем ден соолук, узун өмүр каалап, аруу тилек менен сөзүмдү жыйынтыктайм.

Периштең

Бүгүн үйдө жалгыз калдың.

Үйдү дагы жыйнадың.

Керебетке боюң таштап,

Кереметтүү кыйналдың.

 

Жаш кылгырды көздөрүңдө,

Жазгың келди күндөлүк.

Алдың калем, дептериңди,

Ойлор келди бүдөмүк.

 

Жазалбадың… Ачтың дагы,

Эскерүүнүн сандыгын.

Окуучусун окудуң да,

Карап чыктың бардыгын.

 

Тийди колго ушул дептер.

Тирилишти өткөндөр.

Жаштык ырын ырдагандар,

жаштык ыйын төккөндөр.

 

Турду баары көз алдыңда.

Үшкүрүккө айландың.

«Жарыгым» деп жалынышкан,

Ырларыма байландың.

 

Бүгүн араң түшүндүңбү,

Сырты жука сырымды?

Окуп кирдиң көзүм бардай,

Түшүнбөгөн ырымды.

 

Көзүм барда… Жаштыгым, ай!

Жалындап бир сүйгөнмүн.

Жылмайышың жан жыргатып,

Жарыгыңа күйгөнмүн.

 

Баары башка… Бирок дале,

Жарык болуп күйөсүң.

Жатсам дале көрдө чирип,

Дале сени сүйөмүн.

 

Дале күтүп, дале эңсеп,

Каалап бакыт, жакшылык,

Кай тарапта калды экен,

Кайран гана жашчылык?..

 

Мен жаныңда турам азыр,

Тиктеп коюп көзүңдү.

Угуп деги жатасыңбы,

Угулбаган сөзүмдү?..

 

Бир өзүңө билдирбестен,

Сезимимди билгизем,

Манжалардын учу менен

Чачтарыңа тийгизем.

 

Жерге төшөп кирпигиңди,

Суулабачы көзүңдү.

Мен жылмайып карап турам,

Карап койчу өзүмдү.

 

«Өлгөнмүн» деп айталбасмын.

Өзүң менен биргемин.

Жатсаң жатып, турсаң турам,

Денеси жок дилдемин.

 

Кечирип кой келгенимди,

Айтчы эми нетейин?..

Кыйнап койдум жүрөгүңдү,

Кой, болдучу, кетейин.

 

«Кайыр кошко» тилим барбайт,

«Келбейм эми» дей албайм.

Ал анткени, бир себеби,

Махабатты жеңе албайм.

 

Колдон келсе, колдоп сени,

Кошо жүрүү парызым.

Аткарууга жетишпеген

Алдыңдагы карызым.

 

Таазим этип, назик өбөм

Келбетиңен келишкен. —

Деп бүтүрөт сөз аягын,

Көрүнбөгөн периштең…

Эрнис АСЕК уулу,

1992-жыл

Жить
можно верить
можно быть невидимым
и кто-то тебя не поймет
смириться с тем, что есть и будет
смириться
трудно, трудно, верить в чудо
и это будет смех
устать даже от надежды
страшно, страшно прятаться в пустоту
быть молчаливым
быть тем, кем ты не был
думы о прошлом
и перелом
трещина на теле будущего
можно улыбнуться тому, кто тебя не понимает
мстить — это глупость
глупость и тупость — вот что нас окружают
чувствую
чувствую
и мне очень страшно
осталось немного дней
я хочу жить

Эрнис АСЕК уулу,

1992-жыл

P.S. Кожокеев Искендер агабыздын да ырлары мыкты, аларды жакында биздин сайттан окуй аласыздар!

 

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.