ВИДЕО — Эрнис АСЕК уулунун «Эки гана сүрөтүн» сыр кылып айтпаган Айчүрөк Борукеева

ВИДЕО — Эрнис АСЕК уулунун «Эки гана сүрөтүн» сыр кылып айтпаган Айчүрөк Борукеева

Эсен болуп, эстей жүр!

РЕДАКЦИЯДАН: Мыкты котормочу, акын, журналист, жазуучу, философ, гений Эрнис АСЕК уулунун дүйнө салып кеткенине 1 жыл 4 ай 16 күн болду. 

“Артыңда эстей жүргөн кишиң болсун, эскерип жүрөр ишиң болсун” дегендей, Эрнис АСЕК уулун жылы бою эмгеги менен эскерген адамдар оголе көп болду. Өзү да, сөзү да, эмгеги да, бир тууган агасы Мелис Эшимканов да эскерилүүдө…

Кудайдын кулагы сүйүнсүн, эки гений ага-инини эскерген жакшы адамдар көп болууда, жаркын элестерине арналган ырлар жаралууда. Редакцияга келген эскерүүлөрдү, жакшы адамдардын жардамы менен ишке ашкан 25-апрелдеги эскерүүнү күнүгө берип турабыз.

Жакшы адамдардын бири — белгилүү, эркин журналист Айчүрөк Борукеева. Ал эскерүүдө Эрнис АСЕК уулунун «Эки гана сүрөт» аттуу ырын окуп берген:

Эки гана сүрөт

Чарчап бүтүп «чарк» айланган мүнөттөн,

Чалкып жаткан сайды көрдүм сүрөттөн.

Тоолор да жок, асман да жок, күн да жок…

Тоголонуп кетти бир ыр жүрөктөн.

 

«Сакта!» деди. «Сакта!» деди… «Ак жакшы!» —

Сансыз таштын сайдагы бир ак ташы.

Көрсө дүйнө көз ирмемден куралган –

Көөдөн тешкен апакемдин көз жашы…

 

Түн жамынып бир жолоочу жол менен,

Түбөлүккө из калтырат «Бол!» деген.

Карап турдум, карап турдум кадалып,

«Мына чындык» деген гана ой менен.

 

Жолоочуга жомок айтып барат жол,

Жомогуна асмандан ай сунат кол…

Мекен болгон мейкинине жашоонун

Мен жашаган ушул дүйнө аман бол!

 

Анан билдим арсыз дилдин дарегин,

Алсыз оюм болгон экен алегим.

Дүрсүлдөгөн жүрөк болуп сүрөттөр,

Дүйнө болуп катып турду карегим…

Эрнис АСЕК уулу

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.