Ибрагим Жунусов Румыниянын элчисин кабыл алды. Эки элчи эмнени сүйлөштү?

Ибрагим Жунусов Румыниянын элчисин кабыл алды. Эки элчи эмнени сүйлөштү?

Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусов Румыниянын Өзбекстандагы жаңы дайындалган элчиси Даниэль Кристиан Чобану менен кечээ, 16-июнда, жолугушту. Бул тууралуу басма сөз кызматы бүгүн, 17-июнда, билдирди.

Алардын айтымында, жолугушуу башында Даниэль Кристиан Чобану дипломатиялык ишмердүүлүгү, саясий, соода-экономикалык чөйрөдөгү румын-өзбек кызматташтыгынын учурдагы абалы жөнүндө маалымат берген. Ибрагим Жунусов анын дипломатиялык ишине ийгилик каалап, кыргыз-өзбек кызматташуусун өнүктүрүүдөгү негизги багыттары жөнүндө айтып берди.

Тараптар ошондой эле Кыргызстан менен Румыниянын ортосундагы кызматташтыкты да чыңдоонун мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.