Аида Касымалиева Танзила Нарбаеваны Кыргызстанга чакырды. Ал болсо…

Аида Касымалиева Танзила Нарбаеваны Кыргызстанга чакырды. Ал болсо…

Спикердин орун басары Аида Касымалиева Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева менен кечээ, 16-июнда, Ташкентте жолугушту. Бул тууралуу басма сөз кызматы бүгүн, 17-июнда, билдирди.

Айтымында,  Касымалиева менен Нарбаева «Борбордук Азияда жана Афганистанда туруктуу өнүгүү үчүн аялдардын экономикалык укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» аттуу Эл аралык бизнес форумунун  алкагында жолугушкан. Жолугушууга Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын Аялдар жана гендердик теңчилик боюнча комитетинин төрайымы Малика Кадырханова жана «Борбордук Азия аялдар лигасы» коомдук фондунун төрайымы Асел Атабекова да катышкан.

Жолугушуу жүрүшүндө тараптар Кыргызстан жана Өзбекстандын ортосундагы парламенттер аралык байланыштарды чыңдоонун учурдагы абалын жана келечегин, аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн колдоо тармагында эки тараптуу кызматташууну кеңейтүүнү, ошондой эле эки өлкөнүн ишкер аялдарынын ортосунда өз ара байланыштарды түзүү жана өнүктүрүү боюнча биргелешкен пландарды белгилешкен.

Тагырагы, Аида Касымалиева эки тарапты кызыктырган бардык тармактарда, анын ичинде соода-экономикалык чөйрөдө кыргыз-өзбек мамилелеринин өнүгүшүнүн жогорку динамикасын баса белгилеп, иш-чара жыйынтыгында жемиштүү натыйжаларга жетүүгө үмүттөнөөрүн кошумчалаган. Кыргызстан менен Өзбекстандын ишкер аялдарынын ортосунда байланыштарды орнотуу жана чыңдоо үчүн шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн да белгилеп, «Борбордук Азия аялдар лигасынын» кийинки форумун ушул жылы Кыргызстанда өткөрүү план-ниеттерин маалымдап, Танзила Нарбаеваны ошол иш-чарага катышууга чакырды.

Атабекова Нарбаевага үмүт артып…

Асел Атабекова аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнүн, ошондой эле эки мамлекеттин лидер аялдарынын жана ишкер аялдарынын бизнес-ассоциацияларынын өз ара байланышын чыңдоонун маанилүү экенин айтып, ушул максаттарды ишке ашыруу үчүн конкреттүү чаралар камтылган «Жол картасын» иштеп чыгууну сунуш кылды. Ошондой эле,  Кыргызстан жана Өзбекстандын ишкер аялдарынын жолугушуусун уюштурууга Танзила Нарбаева да көмөктөшөөрүнө үмүт артаарын билдирген.

Танзила Нарбаева өз кезегинде эки өлкөнүн парламенттеринин активдүү байланыштарын баса белгилеп, ушул жылы Кыргызстанга анын иш сапары пландаштырылып жаткандыгын билдирген. Ошондой эле ал кыргыз тарапты ушул жылдын октябрь айында Өзбекстанда боло турган президенттик шайлоого катышууга чакырды…

Жыйынтыгында…

Жолугушуу жыйынтыгында, тараптар эки мамлекеттин аялдарынын ортосундагы байланыштарды орнотууга жана чыңдоого, айрыкча бизнес чөйрөсүндө алардын түз байланыштарына ар тараптуу көмөктөшүүгө, аялдардын ишкердүүлүгү жаатында кызматташууну кеңейтүүгө, тажрыйба алмашууга багытталган иш-чаралар жана бизнес форумдарга өз ара активдүү катышууну макулдашышты.

Кыскасы, эл аралык бизнес форумунун ишин улантуу максатта «Борбордук Азия аялдар лигасынын» үчүнчү форумун өткөрүү макулдашылды. Ал Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Сенатынын колдоосу  жана «Борбор Азиядагы аялдар лигасы» коомдук фонду тарабынан уюштурулат, буйруса…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.