“Коррупцияга каршы күрөшкөн мыкты кадр” деп Жээнбеков мактаган жигит 2 айга камалды

“Коррупцияга каршы күрөшкөн мыкты кадр” деп Жээнбеков мактаган жигит 2 айга камалды

Сооронбай Жээнбековдун бийлигинде президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары болгон Алмамбет Салиевдин бөгөт чарасы бүгүн, 18-июнда, Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып, эки айга камалды. Ал 16-августка чейин УКМКнын тергөө абагында болот.

Анын адвокаты Жыргалбек Бабаевдин айтымында, Алмамбет Абдимиталипович сотто коюлган айыптын бирин да  моюндабайт.

Эске сала кетсек, Салиев 16-июнда Кылмыш-жаза кодексинин “Мыйзамсыз баюу” беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалган. УКМКмаалыматы боюнча, ал экс-президент Сооронбай Жээнбековдун бийлиги тушундагы кызматынан пайдаланып, соттордун ишине активдүү кийлигишип турган.

Артка кылчайсак…

Алмамбет Салиев президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары болуп 3 жылдай — 2017-жылдын 11-декабрынан 2020-жылдын октябрь айына чейин иштеген. Ошондо эле жарандык коомдун өкүлдөрү нааразы болуп, Салиев бийликтин таасирдүү адамына айланаарын жана айланганын какшап айтып келишкен болчу. Бирок ал кездеги президент Сооронбай Жээнбеков эл нааразычылыгына кулак салбай, атүгүл ушуну эске салып суроо салган «Азаттыкка» мындай жооп айтып мактаган экен: «Бийликте болгондон кийин сөздөр болот, көп душман табасың. Эгер ал туура эмес, мамлекетке зыян келтирсе же коррупциялык схемаларга кирип, өз милдетин кызыкчылыгына пайдаланган болсо, анда ал жоопко тартылат. Ал өсө турган жигит. Азыр коррупция менен күрөштө эң башында турган, менин жанымда турган адамдардын бири”.

Алмамбет Салиев жаш болсо да, Сооронбай Жээнбеков менен узагыраак иштешкен кадрлардын бири. 38 жашта. Негизги кесиби — юрист.  2005-жылы ОшМУнун юридикалык факультетин «Юриспруденция» адистиги боюнча бүтүргөн. 2007-жылы КР ИИМнин Атайын орто мектебин аяктаган. 2014-жылы ОшМУнун Бизнес жана менеджмент факультетин «Финансы жана кредит» адистиги боюнча бүтүргөн. Алгачкы ишмердигин жеке фирмада юрист болуудан баштап, 2008-жылы Ош облустук ички иштер башкармалыгына кызматкер болуп кирип, 9 айдай иштеген. Дароо эле Ош облустук мамлекеттик администрацияга Коргонуу жана укук тартиби иштери боюнча бөлүмгө башкы адис болуп кирип, кийин ушул эле бөлүмдө  сектор башчысы, бөлүм башчы болгонго жетишкен. 2012-жылдын сентябрынан 2016-жылдын апрелине чейин Кыргыз Өкмөтүнүн ыйгарымдуу өкүлүнүн Аппаратында Укук тартиби, коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. Кийин бир айдай премьер-министрдин жардамчысы болуп, анан эле Кыргыз Өкмөтүнүн аппаратынын Коргонуу, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысынын орун басары кызматына келген. Андан кийин Президенттин Аппарат жетекчисинин орун басары болуп дайындалган. 2-класстагы Мамлекеттик кызмат кеӊешчиси чини бар.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.