ВИДЕО — Ишенбек СУЛТАНАЛИЕВ: «Асек байкенин дасторконунан ашы, үйүнөн киши үзүлчү эмес»

ВИДЕО — Ишенбек СУЛТАНАЛИЕВ: «Асек байкенин дасторконунан ашы, үйүнөн киши үзүлчү эмес»

Эсен болуп, эстей жүр!

РЕДАКЦИЯДАН: Мыкты котормочу, акын, журналист, жазуучу, философ, гений Эрнис АСЕК уулунун дүйнө салып кеткенине 1 жыл 4 ай 19 күн болду… 

“Артыңда эстей жүргөн кишиң, эскерип жүрөр ишиң болсун” дегендей, Эрнис АСЕК уулун жылы бою эмгеги менен эскерген адамдар оголе көп болду. Өзү да, сөзү да, эмгеги да, бир тууган агасы Мелис Эшимканов да эскерилүүдө… Мелис байкебиздин көзү өткөнүнө (2011-жылы, 15-сентябрда каза болгон) быйыл 10 жыл болот. Эки гений ага-инини эскерген жакшы адамдар көп болууда, жаркын элестерине арналган ырлар жаралууда.

Редакцияга келген эскерүүлөрдү, жакшы адамдардын жардамы менен ишке ашкан 25-апрелдеги эскерүүнү күнүгө берип турабыз.

Эми бүгүнкү күндү биз Эрнисти мектепте, кийин жогорку окуу жайда окуткан мугалими Ишенбек Султаналиев агайдын эскерүүсү менен уланттык. Агайды таанып билген күндөн өзгөчө сыйлайм, урматтайм. Эскерүү кечесин өткөрөбүз деген күндөн чын дилден кубаттап, бул иш-чарага байланыштуу маалымат каражаттарындагы эскерүүлөргө жок дебей барып катышып берди. Атай кетсем, агай алгач Эрнис Асек уулу негиздеп кеткен «Алакан» сайтына маек берип, кийин «Маданият. Тил. Тарых» (КТРК) телеканалына, «Санжыра» радиосуна окуучусун эскерип айтып берди.

Агай Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин кыргыз филология факультетинде 1989-жылдан бери үзүрлүү эмгектенип келатат. Мидин Алыбаевдин поэзиясы боюнча илимий ишин жактаган филология илимдеринин кандидаты, профессор.

2013-жылы «Баягы Асаба» гезити чыкканда колдоп, рекламалык роликке тартылып да берген…

8 жыл мурунку ушул жакшы мүнөттү, Эрнисимди эстеп бир сыйра жаш чайып алып, агайды кайрадан оорду колдон, жеӊилди жерден ала калган элпек кесиптеш кайним Азамат Дүйшөнбай уулу аркылуу таптым.

Агайга жолукканда да жашым токтобой, окуучусу өзү коюп кеткен датада (25-апрелде) поэзия кечесинин ордуна эскерүү кечеси өткөнү турганын айтып, келип эскерип берүүсүн сурансам, «Эрнистин аманатын аткарып жатканыӊ эӊ жакшы, кагылайын келин бала, ыйлаба, кантип барбайын, барам. Эскерүүгө биз, «Кызыл-Туу -Азык» коомунун мүчөлөрү, колдон келишинче жардамыбызды беребиз» деп кубаттап кайрат айтып, сөз арасында кайын атам, кайын агам, Эрнис тууралуу мындайча эскерди эле:

«Асек ата, Мелис, Эрнис биздин айылдын сыймыгы»

— Эми Эшимкановдор эскерилгени турган экен, Эрнис деген жерде агасы Мелис, экөөнүн аты аталган жерде атасы эскерилет да. Биз Эшимканов Асек байкени байбичеси менен көрүп калдык. Асек ата мыкты дарыгер эле. Ал Ат-Башы районунунун борборунда, Пограничник (азыркы Казыбек айылы), Кызыл-Туу колхозунда көп жыл эмгектенип, жакшы врач катары элдин эсинде калды. Калк арасында кадыр-барктуу, алымдуу, жугумдуу адам эле. Дасторконунан ашы, үйүнөн киши үзүлчү эмес. Ат-Башы азыркыга чейин Асек атаны эстешет. Конокко барып калгандар айтып калчу, «Кызыл-Тууга барсак, үйүндө 17-18 киши жатыптыр» деп. Бишкекке кетип, Кызыл-Аскерде жашашты, ал үйүнөн деле киши үзүлчү эмес. Кире беришинде кичинекей бөлмө бар эле, ошондо азыр белгилүү болуп аты чыккан адамдардын көбү конуп, жашап калышканын көрүп калдык. Кыргыз Эл акыны Анатай Өмүрканов да жашаган, бул боюнча анын өзүнүн эскерүүлөрү бар.

Асек байке тамашакөй, боорукер, жароокер адам эле. Ак, таза өттү. Атасын уят кылбай балдары да мыкты чыгып, ата уулу эле эмес, эл уулу болушту… Мелис дүӊгүрөтө «Асабаны»  чыгарып эл күткөн гезитке айлантып, алп адамдарды жумушка алып, иштетип, бир тобуна жардам бергенин угуп эле жүрдүк. Алардын арасында бир тууган иниси Эрнис да бар эле. Экөө теӊ мыкты жазмакер болуп, журналистикага чоӊ салым кошуп кетишти.

Эрнис кичинесинен эле өзгөчө бала болчу, анын ой жүгүртүүсү, көз карашы башкача эле. Анын окубаган китеби калган жок, бала кезинен эле дүйнөлүк адабиятты окуп салган. Ошону сыртына чыгарбаган, мактанбаган, пропаганда кылбаган токтоо, көп ачыла бербеген бала болчу. Атасынан жакшы тарбия алышты. Асек ата Мелис менен Эрнисти, кыздарын айылдын да турмушун көрүп, эл-журтунан кол үзбөсүн дегенби, айтор, айылга окутту. Мелис айылга барып турганы менен окуган жок, Эрнис бир жыл окуп кетти. Ошондо мектептен, анан Кыргыз Улуттук университетинин филология факультетинде сабак берип калдым. Эрнис ошондо эле ыр жазчу. Анын ырлары эч кимдикине окшобогон мазмундуу, оригиналдуу болчу. Кийин котормого өттү. Котормо түйшүк да, эӊ чоӊ жоопкерчиликти талап кылат. Андай чыгармачыл адамга мүмкүнчүлүк түзүп берүү керек. Мүмкүнчүлүк түзүлсө эле көптөгөн мыкты чыгармалар жаралат. Эрнистин жаш кезинде эле жакшы ырлары бар эле, көп болчу, аны эмнеге убагында чыгарбай жүрдү билбейм, айтор, бир да китеби чыккан жок. Ошондон улам, Эрнистин чыгармаларын адабият күйөрмандары эле билбесе, коомчулукка билинбей эле калды. Ал боюнча Жыргалбек Касаболотов, Жеӊишбек Эдигеев эскерип жазды го. Эми айланайын, ошол эмгеги унутулбай китеп болуп чыкканы туруптур, арты кайырлуу болсун, кайрат кыл, курандан башка арга жок. Көзү өтүп кеткени менен эмгеги унутулбайт, сөзү урпактарына калат. Урпактары окуп, сыймыктанат. Өзү эрте өтүп кетти, эми эл-журттун ичинде китеби жашап турсун. Чыгармачылык деген Эрнистин экинчи өмүрү. Эмгегине өмүр берип, эл арасына жашатам деп китебин чыгарууга, эскерүүгө бел байлап жатканыӊа кубанып турам. Мен сенин эскерүүлөрүӊдү окуп атам, анда Эрнистин алдын ала өлөөрүн билгендей жазып кеткен ырлары бар экен. Негизи эле Эшимкановдордун эркегинде касиет күчтүү, Эшимкан чоӊ атасы да бир айылды баккан касиеттүү мергенчи болгон экен. Ошол касиет неберелерине да өткөнүн Эрнистен байкадым. Ал тиги дүйнөгө кетип калып да ал жактагы абалын минтип жазып жатпайбы:

«Кайыр кошкун!” деген сөздү айталбай,

Кетип калып, ал дүйнөдөн кайта албай.

Калаарым чын бүктөмүндө кагаздын,

Кээкерленген жаным жайда жаталбай…

Болду, болду! Болгонумду билген бар,

Кеттим, кеттим!

Кеткен дүйнө балким тар!..»

Анан дагы бир ырында:

«Көрүмө келдиңби, сен?

Көөдөн жок… Сен эмессиң!!!

Чиренип жатат сөөгүм…

Чиренип жатат сөөгүм

А бирок мен эмесмин, мен эмесмин»

Бул ырларын сенин эскерүүӊдөн, «Алакандан» окудум. Акыркы ырларын сен эле билбесеӊ биз билбей калдык да. Ошону жарыялап жатканыӊ туура. Убагында эле китеп чыгарып, жарыялап турганда, Эрнистин аты эбак эле Кыргызстан эмес, коӊшу мамлекеттерге чейин угулмак…

Кантели. кош жылдыздай болуп биздин айылдан чыккан мыкты ага-ини жарк этип чыгып, эрте жалп өчүштү. Экөөнүн атасын айылда Асек деп таанышат, Асанаалы десе эч ким тааныбайт. Ошондон улам Эрнис Асек уулу деп атасынын атын алып жүрдү да. Биз бул үч асыл адамды эч качан унутпайбыз, жылына эскерилип турушун каалайбыз!

25-апрелдеги агайдын эскерүүсү 8:50 мүнөттөн башталат…

«Маданият. Тарых. Тил» (КТРК) телеканалындагы эскерүүдөн…

Агай эскерүү кечеде окуган Эрнис Асек уулунун ыры:

Кубаныч илими

Төмөнкү деңгээлдеги адамдардын

Төмөнкү ойлорун да көтөрө бил.

Ортодо тургузулган дубалдарды

Кубаныч күчү менен кулата бил.

 

Ким менен маектешип жатсаң дагы,

Абалына киргенге кыл аракет.

Эшигин жүрөгүнүн шарт ачууга

Түшүнүү жолу менен күчүң жетет.

 

Сүйүү гүлүн жүрөгүңөн тап дагы,

Бут алдына маектештин таштагын.

Ишенгендей болсун сага бүтүндөй,

Анан барып кеп-сөзүңдү баштагын.

 

Ашкере кара мүртөз, дили таш боор

Ашкере менменсинген адам гана

Шагыңды сындырууга дити барып,

Жеңишсиз калат таза сүйүүң анда.

 

Сен берген же сага берилүүчү

Милдетти, оор жүктү, ак парызды

Ойлобо Кайрымдуулук экен деп сен,

Мындай ой көр ишеним жаңылыштуу.

 

Жашоо – бакыт, сүйүү – бакыт жаркырап

Тургандыгын жүрөгүңөн карагын.

Кубанычты тартууласаң башкага

Кайрымдуулук деп ушуну санагын.

 

Аткаруу өз милдетин – сүйүү эмес.

Кимде-ким бул жашоону сүйүп турса,

Сүйүү деп айталабыз дал ошондо,

Кубаныч оттой болуп күйүп турса.

 

Бул сүйүү – айтылган бир сөз эместир,

Сулуулук тартуулаган жалган гана.

Бул сүйүү – сулуулуктун эң тазасы,

Тынчтыкты алып келген бүт баарына.

 

Жарыгы жан-дүйнөнүн нурун төккөн,

Адамдын адамдарга жуурулганы,

Кошулуу ай-асманга жүрөк менен

Бүт баары Кубанычтан куралганы

Эрнис АСЕК уулу

«КААЛГА» китебинен

One thought on “ВИДЕО — Ишенбек СУЛТАНАЛИЕВ: «Асек байкенин дасторконунан ашы, үйүнөн киши үзүлчү эмес»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.