«Данакер лингво» бирикмеси «Эгемендик элибиздин байрагы» аттуу сынак жарыялады

«Данакер лингво» бирикмеси «Эгемендик элибиздин байрагы» аттуу сынак жарыялады

 31-август  Эгемендүүлүктүн 30 жылдык маарекесин утурлай, “Данакер лингво” маданий-илимий коомдук бирикмеси “Эгемендик элибиздин байрагы” аттуу сынак жарыялады. Бул тууралуу аталган бирикменин жетекчиси Кундуз Исмаилова билдирди.

Укпадым дебеӊиз, чамдаӊыз!

Сынактын жол-жобосу:

  • Сынак улут тандабайт (бардык улуттун өкүлдөрү катыша алат);
  • Жашына карабайт (улуу, кичүү муундагы калемгерлер катыша алат);
  • Калемгерлер сынакка мурда эч жерге жарыяланбаган ырлары менен катыша алат.

Байгелер:

Баш байге — «Алтын калем» төш белгиси

1-орун — «Мыкты калемгер» төш белгиси

2-орун — 1-даражадагы Диплом

3-орун  — Диплом

4-орун  — Ардак грамота

Мындан сырткары кызыктыруучу сыйлыктар да бар.

Мөөнөтү:

20-июндан 25-августка чейин кабыл алынат. Сыйлыктар комиссия мүчөлөрүнүн чечими менен салтанаттуу түрдө тапшырылат.

Эскертүү: сынакка катышчу чыгармаларды «СЫНАККА» деп баш жагына жазып,  «Фейсбукта» Кундуз Исмаилова, Нуржамал Султанбекова менен бөлүшүү зарыл.

Уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Нуржамал Султанбекова (0709 85 17 71)

 Сурап билүү телефону: (0509) 24 04 19

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.