Кайрат МАМАТОВ: «Күнөөлүү талапкерлер кайра шайлоого өздөрү эле катышкан жок»

Кайрат МАМАТОВ: «Күнөөлүү талапкерлер кайра шайлоого өздөрү эле катышкан жок»

Бишкек шаардык кеңешке кайра шайлоо 11-июлда  өтөт, үгүт өнөктүгү бүгүн, 20-июнда, башталды.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматовдун айтымында, шайлоого 18 партия катышат. «Күнөөлүү талапкерлер Бишкекте кайра шайлоого өздөрү эле катышкан жок. Соттун же укук коргоо органдарынын чечими болбогондон кийин биз алардын аттарын атаган жокпуз»,- дейт К.Маматов.

Эске сала кетсек, өлкө боюнча жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештерде, анын ичинде Бишкек шаардык кеңешине ушул жылдын 11-апрелинде өткөн. Бирок бир катар жерде шайлоо жыйынтыгына нааразы болгон тараптардын дооматтарынан улам чыр чыгып, добуш сатып алуу жана административдик ресурс колдонуу сындуу фактылар аныкталып, Токмок, Ош, Бишкекте шайлоо жыйынтыктары жокко чыгарылып, ушул 3 шаарга кайра шайлоо өлкө башчысынын 28-майдагы «Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоону дайындоо жөнүндө» жарлыгына ылайык 11-июлга белгиленген болчу.

Эми, жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча мыйзамга ылайык, шайлоого мурда катышкан саясий партиялар да катыша берет. Бирок, шайлоо жыйынтыктарын жокко чыгарганга себепчи болгон талапкерлердин санына чек коюлат дешет. Ал үчүн тийиштүү сот чечими, шайлоо комиссияларынын чечими керек. Алардын негизинде шайлоону жокко чыгарууга айыптуу талапкерлер кайра шайлоого катыша албайт.

 

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.