ВИДЕО — «Кара өзгөй. Ыйлоо», «Аза күү». Болот Шер. Эрнис Асек уулу

ВИДЕО — «Кара өзгөй. Ыйлоо», «Аза күү». Болот Шер. Эрнис Асек уулу

Эсен болуп, эстей жүр!

Жогорку Кеңештин үч жолку депутаты, «Ата Мекен» саясий партиясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Болот Шер 2020-жылы 21-июнда каза болгон. Көзү тирүү болгондо 62 жашка чыкмак. Маркумдун сөөгү керээзи боюнча  Таластын Манас районундагы кичи мекени Чоң-Капка айылына коюлган.

Болот Шер (Болотбек Шерниязов) 1959-жылы 1-майда ушул Чоң-Капка айылында төрөлгөн. Москвада техникалык окуу жайын, кийин СССРдин Ички иштер министрлигинин Фрунзе шаарындагы атайын милиция мектебин бүтүргөн. Ички иштер органдарында иштеп, маданият, спорт тармагын көтөрүп, жеке ишкердик менен алектенген. «Көк бөрү» федерациясын түптөп, бир топ жыл жетектеп да турган. Улуттук спорт түрлөрүн жана салттуу оюндарды мыйзам алкагында сактоо жана өнүктүрүүнү максат кылып «Улуттук спорт жөнүндө» мыйзам долбоорун иштеп чыккан.

Саясатка 2000-жылы келген. Ошол жылы Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынына, 2005-жылы Жогорку Кеңештин үчүнчү чакырылышына, 2010-жылы бешинчи чакырылышка «Ата Мекен» партиясынын тизмеси менен депутат болуп келген. Үчүнчү чакырылышта төрага орун басары да болгон. 2015-жылдагы парламенттик шайлоого катышуудан баш тартып, бирок элдин байкоосунда да, партиялаштарынын айтымында да кезинде кошкон салымы зор болгон «Ата Мекен» партиясынын катарында саясатка сырттан байкоо салып турган.

Болот Шер саясатта бир партиядан бир партияга секирик жасабаган, саясый «аба ырайга» жараша маанайы өзгөрмөлүү депутаттардан болгон жок. Тайманбай, чындык үчүн принциптен тайбай бийликке курч билдирүүлөрдү, кескин сындарды айтып турду. Депутат болуп турганда Каркыра, «Кумтөр», чек ара ж.б. олуттуу маселелерде өкмөттүн, бийликтин туура эмес саясатын жүйөлүү сынга алып чындыктын рупору болду. 2013-жылы кримавторитет Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда бошотулушунун мыйзамдуулугун териштирген депутаттык комиссияны жетектеп, анда да принципиалдуулугунан жазган жок…

Карлыгач САРНОГОЕВА: «Арстан жүрөк Эр Болот»

Болот Шер 2010-жылы «Каркыраны бербейбиз!» деп эл митингге чыкканда, ошондогу кайдыгерлик, эки жүздүүлүктүн, бийликтин ашынган тажаал саясатына катуу кабатыр болуп биринчи жолку инсультту алган экен. Ага айтылуу Байдылда Сарногоевдин кичүү кызы Карлыгач эже кабыргасы кайышып тынчсызданып минтип ыр жазган:

«Ар дайым атам айтчу эле,
«Улутчул дешет билбеген.
Улутун кимдер сүйбөгөн.
Кызыл эт кезден торолтуп,
Кыялым көккө күүлөгөн.
Кыргыз деп келгем дүйнөгө,
Кыргыз деп өтөм дүйнөдөн»
Атамдын ошол сөздөрүн,
Болотбек байкем жолдоду.
Каркыра сыздап турганда,
Жардамга «Эрлер» жок болду.
Коргойбуз деген бир гана,
Өмүрбек, Болот Шер болду.
Жардамсыз шордуу Каркыра,
Ажырап бизден жок болду…
Улутчул дешет билбеген,
Улутун кимдер сүйбөгөн.
Улутун сүйгөн Шер Болот,
Улутчул эмес, патриот!
Болоттой эрлер көбөйсө,
Бакубат жашоо тез болот.
Аман жүргүн ар дайым,
Арстан жүрөк Эр Болот!» 

…2020-жылдын 12-июнунда Болот Шер кайрадан инсульт алып, 21-июнда чындык үчүн чыркыраган, улутун сүйгөн, эл-жерине күйгөн жүрөк акыры ирет согуп, ооруканада токтоду…

Болот Шер менен Эрнис Асек уулунун акыркы жолугушуусу…

Болот Шер байкенин атын укканда жолдошум Эрнис АСЕК уулу эске түшөт. Ал байымды аябай жакшы көрчү. Керек деп издеп калганда, эркин журналист Аскер Сакыбаева аркылуу таап, жолукчу. 2014-жылы августта да издеп, үйүнө чакырган эле. Анда Эрнис Мелис байкенин аманатын аткарып «Баягы Асаба» гезитин чыгарып жаткан кези эле. «Болот байкеге чогуу баралы. Интервью аласыӊ» деп калды. Бардык. Жолуктук. Эшигинин алдында баласы менен асманда учкан дронду карап олтуруптур. «Балам жаӊы эле алып келди, текшерип жатканбыз» деп калды.

Экөө саясаттан маданиятка чейин сүйлөшүштү. Саясаттын өтө булганып, маданияттын өспөй жатканын айтып аябай кейиди. «Мына, менин иним Садык Шер тарыхый инсан Курманжан датка тууралуу «Курманжан датка» фильмин тартып салды. Мыкты тартылган. Эгемендүүлүк алганыбызга 25 жыл болду, эч нерсе өзгөргөн жок. 30 жыл ичинде эӊ жакшы жаӊылык «Курманжан датка» фильмдин тартылышы болду» деп иниси тарткан тасманы кайра-кайра айтып, иниси менен сыймыктанып отурду. Сөз ортолоп калганда Эрнис гезитке интервью берип коюшун суранды эле, «Баса, Эрнис, агаӊдын аманатын аткарып ырас баягы «Асабаны» чыгарып жатыпсыӊ. Аманатты аткарган бул эрдик. Түшүнүп эле турам, каражаттан кыйналып жатсаӊ керек. Бирок сен сурабайсыӊ, аны да жакшы билем. Каражат чектелип турат да, болбосо гезитиӊди каржылап бермекмин. Ийгилик каалайм. Ал эми интервьюну кое туралы э, азыр эмес, көрүп атасыӊ араӊ сүйлөп атам«,- деп сылык баш тартты… Кийинчерээк дагы жолугушту, интервью берем деп. Ага ишенип Эрнис «Асабага» анонс берип жиберди. Элдин аны ушунчалык жакшы көрөөрүн ушундан билдик, «Качан?» деп сурап жатышты. Ошондо байым «Асабага» (№19, 18-сентябрь, 2014-жыл) «Эрдин сөзү жерде калбас» деген тема менен мындай деп жазды:

Кыргыздын чыгаан уулу, «Ата Мекен» партиясынын ана башчыларынын бири, чыныгы патриот Болот Шер «Асаба» менен сүйлөшүп, «7 жылдан бери эч кимге интервью берген эмес элем, суранып калыпсыӊар, болгонун болгондой божурап берейин» деп убада кылган эле. Тилекке каршы, соӊку күндөрү эч убакыт табалбай, кайра бизден кечирим сурап, чолоосу тийбей жатканын айтып, кичине убактысы болсо эле «Асабанын» окурмандарына айтчусун айтарын кабар кылып келет. Өткөн саныбызга биз да ашыгып анонс берип жебердик эле. Убакыт ушинтип жетпейт тура. «Сааты чыгып каалар» деп биз да турубуз. «Элге сөзүн айтпаса, эрендерден не пайда» деген рубрикабыз умсунуп туру азыр. Болот Шердин да убактысына карайлы, ашыкпай туруӊуз, окурман!

Ошентип Болот Шердин убактысы такыр болбой, эл күткөн маек ишке ашпай калган.

Кийин экөө 2019-жылы 22-сентябрда «Дасмиядан» жолугушту. Кайдагы бир шылуундун айынан ак жеринен 3 жылга чукул абакта жаткан Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотонов түлөө өткөрүшкөн. Болот Шер Эрниске өзү телефон чалып чакырган эле. Түлөө бүтүп чыгып баратканда: «Эрнис үйгө келчи, кенен сүйлөшөлү» деди…

Ортодо убакыт таап барганча, октябрь болуп калды эле, Аскер телефон чалып, Эрнисти Болот Шер издеп жатат деп калды. Эрнис 27-октябрда үйүнө барып, жолугуп келди. Эмнеге издегенин сурасам, алдыдагы  парламенттик шайлоо тууралуу сүйлөшүшкөнүн айтты. Ошонун алдында «Баягы Асабага» берген убаданы аткарайын, эми «Алаканыӊа» маек берейин, бирок, өзүӊ аласыӊ» деди» деп кубанган эле…

Көрсө, ал жолугушуу акыркы жолугушуу болоорун экөө теӊ билбеген чыгар… Алар каалаган маек да алынбай калды — 2020-жылдын 29-январында Эрнис, 2020-жылдын 21-июнда Болот байке өмүр эшигин жаап бизди таштап кетишти…

Байымдын ошол сөзүн эстеп, былтыр, октябрдагы парламенттик шайлоонун алдында «Ата Мекен» партиясынын кенсесине барып калдым. Кара лента байланып Болот Шердин портрети илинип туруптур. Жүрөгүм сыздап, үчөөбүздүн жолугушуудагы экөөнүн күлүп отурган элестери көз алдыма тартылып, көзүмдөн жаш токтобой турду…

Эрнисимдин «Мен» деген ыры бар… Менимче, бул ыр жакшы адамдардын жаркын элесине арналган ырдай сезилет…

Мен

Чаржайыт калаа. Чак түш чак.

Көөдөндү тебет алсыз жел.

Келатам. Асфальт. Бак-дарак.

Көчөдө агат сансыз эл.

 

Аркы да, терки өтүшөт,

Экиден, үчтөн, жалгыздан.

Миңдеген жандын жүздөрү,

Кадалган карек талгызган.

 

Келатам. Бирок өзүмдү

Алардын бири дебесмин.

Сансыз элдин ар биримин,

Бирөөсү дагы эмесмин.

        Эрнис АСЕК уулу, 1992-жыл                                                             

«Кара өзгөй. Ыйлоо»

«Мен» деген ырын биз сыймыктанган белгилүү комузчу, азыркынын «күү атасы» Кенжебек Алдаяр 25-апрелде эскерүү кечесинде окуп, «Кара өзгөй. Ыйлоо» күүсүн чертип, элди ыйлатты эле…

Бул күү да жакшы адамдардын жаркын элесине арналган арман күү…

Кенжебек Алдаяр. «Аза күү»

Кенжебек Алдаяр: «Дүйнө жалган, ӨЛҮМ-АК. Кыргыз элинин адам өлгөндө үчүлүк, бешилик, жетилик, кыркы адамдын асыл жаны денесинен кандай бөлүнөөрүн туюндурат. Муну азыр ИЛИМ өзү далилдеп, кыргыз ырым-жырымы туура экенин тастыктады. Кыргыздар өлүм аркылуу өмүр баркын билип келишкен. Кырчындай жаштар узун өмүр сүрүшүн Кудайдан тилейли!» деп «Фейсбуктагы» былтыр жазган эле. Көзү өтүп кеткен атактуу инсандардын сүрөтүн коюп, «Аза күүсүн» социалдык тармактарга жарыялап, сыздаткан…

Ал күүнү жердеги ШИЛТЕМЕден уксаныздар болот.

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.