Күнболот МОМОКОНОВ: «Мэриянын жаӊы автобустары Бишкектин абасын булгайт экен да»

Күнболот МОМОКОНОВ: «Мэриянын жаӊы автобустары Бишкектин абасын булгайт экен да»
Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов бүгүн, 22-июнда “Биринчи радиого” маек куруп, Бишкекке Өзбекстандан чыгарылган 50 автобус келгенин, ал элди бир жума бекер ташырын билдирген. Мындай куш кабарга «Факты.kg» гезитинин башкы редактору Күнболот Момоконов кубанган жок. Себебин санаган пикирин «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу билдирди:
— Буга чейин Бишкек мэриясы “Эко Пассажирские перевозки” ЖЧКсы менен газ менен жүрүүчү эко-автобустарды алып келүү боюнча келишимге кол коюшпады беле. Жаңылбасам, транспорт боюнча вице-мэр Руслан мырза ушинтип эле айткан. Ал кана?
Азыркы автобустар Өзбекстандан келип жатат. Газ менен эмес дизель автобустар. Бул шаарыбызды экологиясына мурдагыдан да терс таасирин тийгизет. Газдаштырабыз деген Бишкек ТЭЦ ишке ашпай турган болду, газ менен жүрөт деген автобустар дизель болсо, быйылкы кышта Бишкеке жашап деле кереги жок болот окшойт.
Автобустардын келиши да Түлеевдик «коррупциялык» жолдорду баспагай эле. Менин билишимче, газ автобустардын баасы 39 миң $ экен, а бул дизель автобустардын баасы 32 миң $ турат экен. Айтор, бааларда дагы айрыма секирип атат. «Мамлекеттен бир тыйын кеткен жок» деп жатат. Анда бир жылда келип бүтө турган 350 автобус кандай негизде келди? Чын эле бепбекерби? Жок, болушу мүмкүн эмес. Алгандын бермейи бар да. Кредитке болсо керек. Бул кредитти жабыш үчүн ар бир автобус күнүнө 7-7.5 миң сом иштеп табышы керек.
Автобустардын Өзбекстандан келип жатканын эске алсак, анда Азияны «Кия» , «Тойота» борборлору менен кармап турган өзбек эки ишкер жигиттин кулагы тикчийе тургандай. Булар жөн эле баш салчулар эмес эле.
Кызыгы кыргыз тараптан аталган «Эко Пассажирские перевозки» ЖЧКсын, Кыргызстандын кен байлыктарына кенен колу-бутун салып, Бишкек шаарынан эле 28 батирди дос-тууганына жаздырып ээлеп турган, ал үчүн сурак берип, бирок суудан кургак чыккан, бир кездеги Тоо кен агенттигинин башчысы абактагы Дүйшөнбек Зилалиевдин орун басары Азиз Сапаралиевдин башкарып жатышы эле, бир топ сөздү чыгара тургандай.
Эмнеси болсо да, булганган шаарыбыздын тазалыгы үчүн деп, башында газ автобустар келет деп келишим түзүп, анан минтип дизель автобустардын келип жатышында чоң «сырлар» бар.
УКМК укуругун ушундай күмөн санаткан иштердин башталганында ыргытпай, баары чырмалып, жеп, алып, туйтунуп бүтүп качып, автобустар талкаланып калганда иш козгоп, коррупциясы болсо камап калышат!

Мэриянын билдирүүсү…

Белгилей кетсек, Бишкекте жаңы 50 автобус каттай баштаганы тууралуу мэриянын басма сөз кызматы бүгүн, 22-июнда, билдирген. Маалыматка караганда, автобустар дизель майы менен жүргөндүктөн кыска убакытта эле 50 автобус алынып келинген. 350 автобус алып келүү пландалууда.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.