Милиция парк, унаа жуучу жай, кафелерди кыдырып, жоголгон өспүрүмдү ата-энесине тапшырды 

Милиция парк, унаа жуучу жай, кафелерди кыдырып, жоголгон өспүрүмдү ата-энесине тапшырды 
Бүгүн, 22-июнда, Таласта милиция «Өспүрүм — эмгек» аттуу алдын алуу иш-чарасын жүргүздү. Бул тууралуу Талас ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди. Анын алкагында ар кандай иштерде иштеп жатышкан өспүрүмдөр бар-жогу текшерилген.
Айтымында, иш-чара Талас ОИИБ жана ШРИИБ өздүк курамы тарабынан балдар менен иштөө комиссиясы, балдар жана үй-бүлөнү коргоо бөлүмү, тиешелүү министрликтин жаштар иштери боюнча өкүлдөрү, билим берүү мекемелеринин жана башка коомчулуктун өкүлдөрү менен биргеликте өткөрүлгөн.
Алар өспүрүмдөр иштеши мүмкүн интернет компьютердик  4 клубду, 40 соода-сатык түйүнүн, базар, автобекет, парк, унаа жуучу жай, кафе сындуу ж.б. жайларды, ондой үй-бүлөгө барып, турмушу оор 5 үй-бүлөгө мониторинг жүргүзүп, текшеришкен.
«Өспүрүм — эмгек» иш-чарасынын жүрүшүндө мурда болгон эки кылмыштын бети ачылып, дайынсыз жоголгон бир жаш өспүрүмдү таап ата-энесинин колуна тапшырып беришкен. Кыязы, алар менен да өзүнчө түшүндүрүү, баарлашуу жүргүзүлгөн. Себеп дегенде, өспүрүмдүн үйүнөн качуусунун себептеринин текшерилиши шарт да…
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.