Суусамырдагы жашоочуларга балдарын, малдарын жол жээгине чыгарбоо эскертилди

Суусамырдагы жашоочуларга балдарын, малдарын жол жээгине чыгарбоо эскертилди
Бүгүн, 25-июнда, Жайыл райондук милициясы Суусамыр өрөөнүндө кылмыштуулукка бөгөт коюу боюнча алдын алуу иштерин жүргүздү. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин Басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, Жайыл РИИБдүн жетекчиси Уран Шамбетов, Жайыл району боюнча ЖКККБнын жетекчилиги, ошондой эле Сосновка аймактык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери милициянын көчмө кабылдамасы менен алдын алуу иштерин жүргүзүштү.
Милициялар чет элдик жана жергиликтүү эс алуучулары менен жолугушуп, коопсуздук эрежелерди сактап, көңүлдүү эс алып кетүүсүн билдиришти. Чет элден келген эс алуучулар РИИБдүн жетекчисине эс алуу жогору маанайда болуп жатканын баса белгилеп, милиция кызматкерлеринин жүргүзүп жаткан иш-аракеттерине ыраазычылыгын айтышты.
Андан сырткары, Бишкек-Ош автоунаа жол боюнда боз үйлөрдү тигип, кымыз даярдаган, соода-сатык кылган адамдар менен жолугушту. Ата-энелерге балдарын жана малдарын көзөмөл кылып, жол жээктерине чыгарбоону эскертишти.
Суусамырдын тургундары акыркы мезгилдери милициянын алдын алуу боюнча жүргүзүп жаткан иштерин сүйүнүү менен кабыл алып жатышкандарын айтып, ыраазычылыктарын билдиришти.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.