Темирлан Султанбеков Акылбек Жапаровдун үстүнөн арыз жазып, Башкы прокуратурага жөнөттү

Темирлан Султанбеков Акылбек Жапаровдун үстүнөн арыз жазып, Башкы прокуратурага жөнөттү

КСДП лидери Темирлан Султанбеков Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — экономика жана каржы министри Акылбек Жапаровдун үстүнөн арыз жазып, Башкы прокуратурага жөнөттү. Бул тууралуу ал «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Анын айтымында, ал  арызын президент Садыр Жапаровго, УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиевге, Ички иштер министри Улан Ниязбековго дагы жолдогон.

Жазылган арызда ал Акылбек Жапаров менен аялы Анара Жапарованын фирмаларынын төккөн салыгын текшерүү керектигин баса белгилеп, жоюлуп кеткен Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү кызматынын (Финпол) андагы жетекчиси Сыймык Жапыкеев Анара Жапарованын фирмалары мамлекетке 1 миллион доллар зыян келтиргенин айтканын жазып, 2020-жылы Анара Жапаровага таандык фирмалар 90 млн. сом салык жашырганын аныктап, анын 28 миллионун төккөнүн, бирок калган сумма боюнча маалымат жок экенин билдирген. «Тергөө учурунда Анара Жапарованын жолдошу Акылбек Жапаровго тиешеси бар экендиги аныкталдыбы же жокпу, маалымат беришиңизди суранам. Анда эмне үчүн Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесине ылайык, Акылбек Жапаров бир нече жылдык мөөнөткө мыйзамда көрсөтүлгөндөй, мамлекеттик кызматтарды ээлөө мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылбайт?» деген суроону кабыргасынан койгон.

Садыр ЖАПАРОВ: «УКМКнын алдындагы антикоррупциялык кызмат жоюлат»

Президент 23-июндагы ишкерлер менен жолугушууда Башкы прокуратура бизнестин таламын талашкан, укугун коргой турган милдеттерди алаарын, УКМК алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы жоюла турганын билдирип, мындай деп түшүндүргөн:

Акыркы кезде бизнес чөйрөсүнүн фискалдык жана укук коргоо органдарына нааразылыгы кескин күчөдү. Укук коргоо жана фискалдык органдардын тар кызыкчылыкты көздөгөнүнөн улам иштеп жаткан ири ишканалардын иши токтоп калганы тууралуу фактылар да жок эмес. Салык кызматы болсо пландык текшерүүлөр кыскарды дегени менен пландык эмес текшерүүлөр көбөйүп жатканы тууралуу маалыматтар бар. Мындай текшерүүлөр укук коргоо органдарынын өтүнүчүнүн негизинде жүрүп жатканы айтылууда. Ушундан улам Каржы полициясынын ишин терең иликтеп, аны жоюу тууралуу чечим кабыл алганбыз. Бул бизнести колдоо багытындагы чечкиндүү кадам болгон. Муну улай УКМКнын алдындагы антикоррупциялык кызмат жоюлат. Бул боюнча тийиштүү жарлык даярдалып жатат.

Эске сала кетсек, Акылбек Жапаров Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – экономика жана финансы министри болуп ушул жылы 1-июнда дайындалган.

Акылбек Жапаровдун жубайы Анара Жапарованын салык төлөбөгөнү аныкталганын бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаӊыз болот.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.