ВИДЕО — Акылбек ЖАПАРОВ: «Эмдөөдөн өтпөгөн кызматкерлерге «айлык албайсың» деш керек!»

ВИДЕО — Акылбек ЖАПАРОВ: «Эмдөөдөн өтпөгөн кызматкерлерге «айлык албайсың» деш керек!»

Министрлер кабинетинин төрөгасынын орун басары, экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров эмдөөдөн өтпөгөн мамлекеттик кызматкерлерге айлыгын бербөө пикирин кечээ, 24-июнда, өкмөттүн кезексиз жыйынында билдирди.

Кыргызстанда вакцина алгандардын саны 100 миңге жетти. Кыргызстандыктарга Кытай жана Орусиянын вакциналары сайылууда. Эл аралык COVAX программасынын алкагында Astra Zeneca вакцинасынын 210 миң дозасы келери расмий маалымдалган.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин айтымында, COVID-19 вирусун жуктургандардын саны бүгүн, 25-июнда, 119 миңге жетти. Алардын 107 миңден көбү айыгып, 1964ү каза болду…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.