Талашка түшкөн кызматка чекит коюлду. Ким муфтий болду?

Талашка түшкөн кызматка чекит коюлду. Ким муфтий болду?

Бүгүн, 26-июнда, Бишкекте Кыргызстан мусулмандарынын жетинчи курултайы болуп, ага 220 делегат катышты. Алар 9 талапкердин ичинен Замир Ракиевдин талапкерлигин жактырып, колдоп беришти. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы — муфтий болуп Замир Ракиев шайланды. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, сынак ушул жылдын 17-февралында жарыяланган. Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасынын кызматына 14, муфтийликке 9 талапкер ат салышып, Аалымдар кеңешине мүчө болууга 61 киши арыз берген. Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасы болуп Бактыбек Нурдинов, Аалымдар кеңешинин курамы да жаңыланып, анын төрагасы болуп Көчкөнбай Сайдуллаев шайланды.

Ой, ким бул ой?!

Жаӊы шайланган муфтий Замир Ракиев тууралуу учкай маалымат бере кетсек, ал буга чейин Нарын облусунун казысы, муфтийдин орун басары кызматында иштеген. Былтыртан баштап Бишкек шаарынын казысы болуп эмгектенип жаткан. Эмгек жолун Чүйдөгү медресенин мугалимдигинен баштаган. 43 жашта. Нарын облусунун Кочкор районундагы Шамшы айылында туулган. Египеттеги Аль Азхар Ислам университетинде билимин тереӊдеткен. Бишкек мамлекеттик университетин (БМУ)  «Чыгыш таануу» адистиги боюнча аяктаган.

Эске сала кетсек, быйыл, 10-февралда, мурдагы муфтий Максатбек Токтомушевди УКМК башкармалыктагы мыйзамсыз финансылык иштер боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштуу кармаган.

11-февралда Аалымдар кеңеши кезексиз жыйынга чогулуп, Токтомушевдин муфтийликтен өз каалоосу менен баш тарткан арызын карап, канааттандырган.

12-февралда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда баш коргоо чарасы каралып,  «башка аймакка чыкпоо» тилкаты менен бошотулган.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.