ВИДЕО — Акак ЖАКШЫЛЫКОВА: «Эрнис жездем мен окуган ырын өзү укса болмок э»

ВИДЕО — Акак ЖАКШЫЛЫКОВА: «Эрнис жездем мен окуган ырын өзү укса болмок э»

Эсен болуп, эстей жүр!

РЕДАКЦИЯДАН: Мыкты котормочу, акын, журналист, жазуучу, философ, гений Эрнис АСЕК уулунун дүйнө салып кеткенине 1 жыл 4 ай 26 күн болду… 

“Артыңда эстей жүргөн кишиң, эскерип жүрөр ишиң болсун” дегендей, Эрнис АСЕК уулун жылы бою эмгеги менен эскерген адамдар оголе көп болду. Өзү да, сөзү да, эмгеги да, бир тууган агасы Мелис ЭШИМКАНОВ да эскерилүүдө…Мелис байкебиздин көзү өткөнүнө (2011-жылы, 15-сентябрда каза болгон) быйыл 10 жыл болот. Эки гений ага-инини эскерген жакшы адамдар көп болууда, жаркын элестерине арналган ырлар жаралууда.

А биз, Эрнистин көзү өтсө да сөзүн өткөрбөйбүз, аны элге жеткирүүнүн бир милдети катары редакцияга келген эскерүүлөрдү, 25-апрелдеги эскерүүнү улантып берип турабыз…

Эӊ акыркы көз ирмемдер…

Эрнис көптөгөн котормолорду которуп, кыргыз тилине чоӊ салым кошуп кетти. Котормолорунун акыркысы — балдар үчүн которгон орус элинин акыны Лариса Рубальскаянын «Пойду за счастьем на базар» ыры. Аны 2019-жылдын 31-декабрында которду эле. Бул котормонун тарыхына токтоло кетейин. 2020-жыл жаӊырар алдында которгон. Анда мен Бегалы (Наргозуев) байкенин «Кыргызтудей» сайтында иштеп, Эрнис котормочу болуп сырттан жазып турган кез эле. Жаӊы жылды куттуктайм деп Бегалы байке 31-декабрда сайтта иштегендерди редакцияга чакырып калды. Эрниске айтсам: «Мен барбай эле коеюнчу, бир нерсе которуп жатам» деп болбой койду. Бегалы байке дасторкондон тышкары баарыбызга чет өлкөдөн ала келген белектерин тапшырды: кыздарга — капчык, балдарга — футболка. Эрниске алып барып берсем, «Бегалы байкенин өмүрү узун болсун, балакетиӊди алайын» деп көз айнегин өйдө көтөрүп, көздөрүнө сүйкөп, бетин аарчып жатпайбы куудулданып. Мен да жөн турбай: «Өзүӊ жүзгө, кийимиӊ күзгө жетсин, секет кетейин» деп, экөөбүз теӊ күлүп жибердик, анткени бул сөздөр чоӊ апаларыбыздын сөздөрү эле…

Анан мен жаӊы жылдык дасторконго даярдана баштадым. Чай үстүндө отурганда сурап калдым, «Эмне котордуӊ?» деп. Балдар үчүн Лариса Рубальскаянын ырын которгонун айтты. Кызыгып, «окусам болобу?» десем, болот деди. Окуп, сүйүнүп: «Сонун экен, бул жерге калбашы керек. Муну эми окуучулардын бирине көркөм окутуп, запись кылалы» десем, «Акак окуйт» деди. Акак менин бир тууган иним Мирландын кызы. Ал Бишкектеги №5 мектептин 5-классын ийгиликтүү аяктап, 6-класска көчтү. «Дилгир» бий тобунда бийлейт. Дайыма концертине жездеси экөөбүзгө чакыруу билетин берчү. Бирок, Эрнис барчу эмес, мен эле барчумун. 2019-жылы, Жаӊы жыл алдында дагы Акак чакыруу берди. Анан дале өзүм барам да деп камданып жатсам, Эрнис да барам деп калды, чыны аябай таӊгалдым. Анан «Сейтекке» бардык. Сырттан Акак, Райан, Каухарга белек алды. Бийчилер бийлеп концерт башталды. Эрнистин дагы бир таӊгалдырганы — Акактын тумоолоп жатканын сахнадан эле дароо байкады. «Акак ооруп атабы?» деп шыбырап сурады эле, мен апамдан сурасам, апам: «Грипп болуп калыптыр, катуу жөтөлүп жатты эле, бүгүн абалы дурусураак» деп калды. Эрнистин сезгичтигине  таӊгалдым. Анан концерт аяктаганда белектерин берип, балдарды кубантты да. «Акак тумоолоп калыптыр» деп таксиге салып жиберди.

Жаӊы жылдан кийин апамдар тамакка чакырып, барып калдык. Ошондо Эрнис: «Акак, мен сага ыр даярдап койдум, ошону окуйсуӊ» десе, «Жезде, мага эрте эле бере бериӊиз жаттай берейин» деп сүйүндү. Эрнистин ошол сөзү Акактын эсинде калган экен, Эрнисимди ээсине берип келгенден кийин, мени босогодон тосуп алып кучактап: «Эми мен жездемди көрбөй, ырын окубай каламбы?» деп ыйлады. «Сөзсүз окуйсуӊ» деп башынан өөп босогодо кучакташып ыйлап турдук…

Эрнис АСЕК уулу: «Жок, сүйлөбөйм, каалгага кирип кетем»

2020-жылдын 26-январында Нурлан Калыбековго жолугуп, поэзия кечесин сүйлөшүп, пландап тарагандан кийин, жолдо келатканда, «Акакка баягы ырды берип кой, жаттай берсин. Поэзия кеченин аягын ушул ыр менен бүтүрөбүз» деп калды. Мен да кубанып, үйгө келээрибиз менен компьютериме отуруп программаны жаза баштадым. «Поэзия кечесинин аягында сен сүйлөйсүӊ да э» десем, «Олдо байкушум ай, аябай кубанып алган тура. Эмне шашып жатасыӊ? Жазга чейин көп бар го» деп жылмайып чекемден өптү. «Жаз эми эле келет да, программаны жаза берели, «Каалга» китебиӊди чыгаралы, ырыӊды тандай бер э» деп мен болбойм. «Жок, сүйлөбөйм. Акакка чоӊ ак мамалак берем. Анан экөөбүз жүгүнүп, каалгага кирип кетебиз» деп калды. «Эмне болгон каалга? Кандайча каалга?» десем, «Сахнага каалга койдурабыз, ошол жерден менин ырымды окугандар чыгып, кирип турушат», — деди. Ошол каалгасын сахнага койдура албай калдым. Бирок, дагы эле эскеребиз, бул аманаты да аткарылат деп ойлойм.

Оор үшкүрүнүп, мени ыйлаткан Акак

Ошентип, 25-апрелде поэзия кечеси эмес, эскерүү кечеси өттү. Акакты кучактап, «жездеӊдин ырын жаӊылбай жакшы айт э» деп көзүмө жаш айланып турганда, Филармониянын иш-чарасын тейлеген, концерттик бөлүм башчысы Божко Виктор Ильич: «Назира, азаматсыӊ, залкар талант Түгөлбай Казаковдун алып барып жатканы жакшы болду, эскерүү кечеси жогорку деӊгээлде өтүп жатат.  Келишимди бузбай, коронавирус учурундагы эрежени да сактап бердиӊ» деп келип кетти. Ал он күн мурун: «1100 киши киргизбе, 550 киши гана киргиз, коронавируска карата эреже сактап бер. Бизге эскертүү кагазы келди» деп тынбай чалып турган эле да. Ошондон улам, тууган, тааныштардын көбүнө айтылбай калды. Акакты да классташтарыӊа айтпай эле кой дегенбиз.

Акак бала да, кезеги келгенче ары-бери чуркап таптырбай кетет. Сахнанын артында секирип ойноп жүрүп, «Апче, жездем менин окуганымды өзү укса болмок э» деп оор үшкүрүнүп мени кучактады. «Эх, байым, өзүӊсүз өтүп жатат. Өзүӊ койгон датада, өзүӊ атаган адамдарыӊ ырларыӊды окуп жатат. Мына, Акак да аманатыӊды аткарганы турат, колдой көр. Ыраазы бол эми, башка эмне дейм» деп сыздап турдум. Элге көрсөтпөй, филармония бөлүп берген бөлмөгө барып ыйлап алып жаттым…

Эрнистин айткан ак мамалагын Акакка артында калган жалгыз уулу Тат тапшырды…

Лариса РУБАЛЬСКАЯ: «Кой, базарга бакыт издеп барайын»

Кой, базарга бакыт издеп барайын,

Андан кийин ийгиликти дүкөндөрдөн карайын…

Кантип эле сатылбасын аларың,

Артканына — сүйүү алганга жарайын…

 

Анан баса, жүз граммдай тартыңыз, абийирден,

Текчедеги, тээ тетигил төмөндө.

Мөөнөтү өткөн? Мейли анда, башканы…

О, акция: арзан болчу жөрөлгө!

Боорукердик сатылабы силерде?

Заар чачкан кишилерден тосо турган өбөлгө!

Кандай, кандай? Ушуга да акча кетип калабы?

Боор оорумай дегенден дары, даба бар бекен?

Кусалыктан микстура, зериккенден сиропчу?

Дагы бир жол мүмкүнчүлүк болсо ага зар элем!

 

Бүлөдөгү бейкуттуктан – бир мүшөк,

Жогорку сорт, башкасын эч каалабайм.

Сулуулуктан аталышы “Шок” деген,

Арам көздөн сактай турган дарыларды пааналайм…

 

А достукту таразага тартасыңбы?

Же бир даанадан болобу?

Албайм деле пайдасы жок немени,

Бул болгону — кызыкканым оболу.

Жакыныма ден-соолуктан алайын,

Туулган күнү белек кылып турармын…

Ачкөздүк да сатылабы? Чындыгында жактырбайм.

Жарым кило сабыр болсо, турмушумду курармын…

 

Ишенимдин кереги жок… Өгүнү

Жетсе экен деп дүңүнөн бир алганмын…

Анда көрө көз жаш болсо ашыкча…

Тагдырымды ый дайрага салганмын.

 

Эмнегеби? Жарыгы көп адамдардын

Жандары эч кейибесин дегеним…

Жаман сөздөр сатылбаса дүкөндө,

Жакшылыкка жар болобу дегеним.

Жок, бакытты

базардан сатып албайсың…

Дүкөндөргө сезим издеп барбайсың…

Кубанычты тартууласаң эл-журтка

Бакытты сен туудай кылып кармайсың…

Которгон Эрнис АСЕК уулу,

2019-жыл, 31-декабрь

Таӊгалычтуу окуя…

Эрнисимди ээсине берип келгендин эртеси таӊгалычтуу окуя болду. Төшөк алдында ыйлап жатып, таӊга маал көзүм илинип кеткен экен, компьютерге бирөө отуруп алып жазып жатканын угуп, Эрниспи деп ыргып турдум. Акак отуруптур, ал орус тилиндеги ырларынын көбүн которуп коюптур. Эрнистин котормочулугу Акакка өттүбү деп таӊгалдым. Акак кээде ыр жазат, шахмат ойнойт. Шахматты Эрнис да мыкты ойночу, Акакка шахматтын сырын үйрөтүп, дүйнөлүк деӊгээлге жеткирем дечү… Ырларын да карайын деди эле… Акак футболду жакшы көргөн иниси Райанга арнап, минтип ыр жазган:

Иним менен берекем,

Топусу дайым башында.

Күйөрманы «Барсанын»,

Футбол көрөт дайыма. 

Эрнисимдей болуп келечекте котормочу болобу, же акынбы, же шахматчы болобу, аны убакыт көрсөтөөр. Аман бол, Акак!

Акактын 6 жашы… Иниси Райан менен…

Алтын апама, бир туугандарыма ыраазымын…

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.