ВИДЕО — Эрнистин «КААЛГАсынын» сүрөтүн тарткан Кимбайке (Төлөгөн Карыкеев)

ВИДЕО — Эрнистин «КААЛГАсынын» сүрөтүн тарткан Кимбайке (Төлөгөн Карыкеев)

Жолдошум Эрнис АСЕК уулунун учурда сөз болуп жаткан  «Каалга» аттуу ыр китебинин мукабасындагы сүрөттү ким тартканы китептин артына жазылса да, элес алышкан эмес окшойт, кызыгып сураган окурмандарыбыз дале көп. Аны окурман журтчулугуна айтылуу «Асаба», «Агым» гезиттеринен Кимбайке каймана аты менен таанылган мыкты карикатурист, сатирик Төлөгөн КАРЫКЕЕВ  тарткан. Өкүнүчтүүсү, китепти да, сүрөттү да Эрнис өзү көрбөй кетти… «Төкөмө жакында жолугуп, китебимдин мукабасына тартылчу сүрөттү түшүндүрүп берем. Бирок Төкөм мыкты сүрөтчү да, майдалатып түшүндүртүп отурбайт, айтканыӊды оюӊдагыдай заматта тартат» деди эле, ал тилегине да жетпей калды…

Эрнисти жоготуу Төлөгөн байкеге да кандай оор болгонун билем… Анткени андай абалын жеӊебизден уккам. «Мелисти кандай жоктосо, Эрнисти да ошондой жоктоп, аябай ыйлады, ооруп да калды. Мелисти жоктоп жарым жылдай жаман абалда жүрсө, Эрнисте да так ошондой абалда болду. Калыпка келе албай, ичинен сызып жүрөт»,- деп айткан.

Жазмыш экен, айла жок да, Эрнис кыялындагыны мага түшүндүргөндөй кылып Төлөгөн байкеге айтып берсем, бат эле ушундай кылып тартып берди. «Мен кол акыӊызды төлөп бере албайм. Эрнистин бул байлыгын бере алам» деп Кун Фы Зыны белек кылсам, «Ой, бул акчадан да жогору турган байлык да» деп кубанды. Анан «Каалганы» белек кылдым. Бизге таанып-билген күндөн тилеги ак байке, кубанычын жашырбай, эки китепке теӊ өз баасын берип, «Мага ини-дос болгон Эрнистин калган китептерин да чыгар!» деп ийгилик каалады…

А бул жерде Төлөгөн байкенин ини-досу тууралуу эскергендери…

Төлөгөн КАРЫКЕЕВ: «Эрнис менен иштөө жеӊил болчу, себеби ал идеяга бай адам эле…»

— Эрнис менен 91-92-жылдын башында таанышкам. 92-жылы «Асаба» гезити жаӊыдан ачылып, кыргыз жазма айдыӊында башкача бир багытты алып чыккан. Элге жакын, заманбап гезиттин багытын баштаган Мелис Эшимканов болчу. Мен дагы гезитке кызыгып, окуп, жазгым келип, сүрөттөрдү чиймелеп редакцияга баргам. Эрнис менен ошол жерден таанышкам. Агезде ал жаш бала болчу, жогорку окуу жайын жаӊы эле бүтсө керек эле. Эрнис кыргыз армиясы тууралуу сүрөт тартуумду суранып калды.

Эки жылдан кийин «Асабага» ишке кирдим, анда Эрнис жооптуу катчы болчу. Ошондон баштап чыгармачылык тыгыз байланышта болдук. Эрнис менен иштөө жеӊил болчу. Себеби ал идеяга бай болчу, багыт берип турчу. Гезитте орду орчундуу, чоӊ эле. Өзү да гезитке «Каалга» деген рубрика ачып, анда-санда суроо-жооп кылып берип турчу. Ойго келбеген суроолорду атактуу инсандарга берип, кызыктуу жообун алып берчү. Ошондон улам ойлоп калдым, китеби «Каалга» деп аталды окшойт деп.

Архивден…

Төлөгөн КАРЫКЕЕВ: «Кош, ини-досум! Өлөр-өлгөнчө эсте болосуӊ»

Кезинде айтылуу «Асаба»  жана «Агым» гезиттеринде кабарчы, редактор болуп иштеген Эрнис Асек уулу дүйнө салды. Ушул жылдын июнь айында элүүгө чыкмак. Жүрөктөн кетти деп уктук. Жакшы ырларды жазчу. Аз, бирок саз жазчу. Кишиге окутчу эмес, жатка айтып берчү. Гезитке, телеге чыкканды каалачу эмес. Өзүнүн айтканы бар эле: «Ырларым менен гезитке чыкканым эсимде. Сүрөтүмдү кошо бакыйтып чыгарышкан. Ошо гезитти бир жолу тепсендиден көрүп калып атпайымбы. Менин сүрөтүм, ырларым кошо тебеленип жатканын көрүп ичим ачышты. Ошондон кийин гезитке чыкканды токтоттум…» деп.

Экөөбүз  «Асабадан» тааныштык. Ошондо: «Төлөгөн байке дебей эле Төкө дейин, кандай дейсиӊ?» деп , көз айнеги менен мени тиктеди. «Кандай айтсаӊ өз эркиӊ, Эрнис» дедим.

Далай ирет шахмат ойнодук, далай бильярд ойнодук, далай футбол ойнодук. Баскетбол ойногон жокпуз. Бойлорубуз жапалдаш болчу да. Көбүнесе ал утуп кетчү.

Чогуу иштеп жүргөндө билем, гезиттеги идеялардын басымдуулугу Эрнистики боло турган. «Сенин башыӊ баш экен» деп койчу элем. «Эрнис, ырларынды, кара сөздөрүӊдү, Антонио Поркьени качан китеп кылып чыгарасыӊ?» десем, «Ай-ай» деп кол шилтеп койчу. «»Алакан» деген театр ачам» деген изги тилеги бар болчу. Сценарийин экөөлөп жазабыз деп мени да «кошуп» алчу. Сен өлбөй турсаӊ, балким жазат белек, ким билет?! Эми болбой калды го…

Кош, ини-досум, жаткан жериӊ жайлуу болсун. Жараткан жаныӊа жаннаттай орун берсин. Өлөр-өлгөнчө эсте болосуӊ. Башка эмнени айталык..

Төлөгөн КАРЫКЕЕВ,

«Де-факто», 2020-жыл, 31-декабрь

Эрнис АСЕК уулу: «Төкөм өзүнүн деӊгээлиндегидей чөйрө таппай кыйналып жүрсө керек»

Төлөгөн КАРЫКЕЕВ. Бул бийик адамдын билими да, мүнөзү да, деӊгээли да Эрниске өтө эле окшош. Жөнөкөй, адамгерчиликтүү, кошоматчылыгы, эки жүздүүлүгү жок. Байлыкка, бийликке кызыкпайт. «Төкөм өтө билимдүү, сапаттуу, катасыз, мыкты жазат, сүрөттөрдү мыкты тартат. Сатиралары күчтүү. Жаш куудулдар деӊгээлин көтөрөм, дүйнөлүк аренага чыгам десе, Төкөмдүн сатирасын сахнага алып чыга берсе болот. Кыргызстанда жалгыз калган мыкты карикатурист, сатирик. Ушундай залкарды баалай албай жатабыз. Атаӊдын гөрү, Мелис байкем тирүү болгондо, экөөбүз Төкөмдү эч жерге кор кылбай, чоӊ айлык коюп жаздырып, тарттырат элек, чер жаза сүйлөшөт элек. Өзүнүн деӊгээлиндегидей чөйрө таппай да кыйналып жүрсө керек» деп кейип калчу.

Ошентип Төлөгөн байкени сагынып жүргөн кезде мага телефон чалып калбаспы. «Мен силерге барайын дегем. Шеф (Мелис байкебиз тууралуу сөз болууда — авт.) түшүмө кирип, «Эрниске барып, ал-акыбалын сурап кой. Эмнеге катташпай жатасыӊар? Катташкыладеди» деп дарегибизди сурап, үйгө келип калды. Экөө дүйнөлүк адабият, маданият, спорт, айтор, бардык темада сүйлөшүп жыргап эле калышты. Мелис байкени, «Асабаны» эстешти, жоктошту…  Эки сааттан кийин байке: «Эрнис, чоӊ рахмат, руханияттан ач калдым эле, ток болуп кетип баратам, эки жылдан кийин келем эми. Аман тургула!» деп кеткен. Анда 2018-жылдын жай мезгили эле…

Чындап эле ошо бойдон келген жок…

2020-жылдын январында жолугам деп турганда Эрнисимдин капысынан жүрөгү кармап, каза болуп калды…

Эрнисиме окшоп оӊой менен интервью бербеген, телерадио, гезиттерге чыкпаган Төлөгөн байкем чынында Эрнис эмне десе баш тартчу эмес. 2013-жылы «Баягы Асаба» гезитин чыгарганда, ишке чакырып, «Заманага» тартылганы бара турганын айтканда, макул деп барган эле. Эми быйыл ЭлТРге Эрнисти эскерүүгө жок дебей барып берди…

Айтайын дегеним, көптүн арасында калп-чынды койгулаштырып көкүрөк каккан, жармач таланты менен көптүн көзүнө көтөрүлө берген, ошого жараша көөдөнү жарды адамдар толтура… Төлөгөн байке таптакыр андай эмес… Зор талантын гезит беттеринен көрүп жатсаӊыздар, бул киши менен баарлашуу да дилди тазартат… Ушул сапаттарынан улам Эрнис байкени сыйлачу, баалачу,  Төкөм деп жакшы көрчү…

Андыктан жылуу сөздөрүн айтып эскерип, «Каалга» китебинин мукабасынын сүрөтүн тартып, моралдык жактан колдоп алтындан кымбат агалык мамилесин көрсөткөн Төлөгөн байкеге тереӊ ыраазычылык билдирем…

Чыгармачылыгыӊыз алтын үй-бүлөӊүздүн колдоосунда, чыӊ ден соолукта ташкындай берсин, Төлөгөн байке…

Назира СААЛИЕВА

ФОТО: Сүрөттөр Эрнистин архивинен.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.