Садыр Жапаров Рахмон Эмомалиге чек ара маселеси тууралуу айттыбы?..

Садыр Жапаров Рахмон Эмомалиге чек ара маселеси тууралуу айттыбы?..
Кечээ, 28-июнда президент Садыр Жапаров Тажикстан мамлекетинин Дүйшөмбү (Душанбе) шаарына шаарына расмий иш сапары (делегация курамы) менен барган. Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода тосуп алган. Анда эки мамлекеттин башчылары жолугуп, кыргыз-тажик чек ара маселелерин талкууланаары айтылган.
Бүгүн, 29-июнда, Дүйшөмбү (Душанбе) шаарында президент Садыр Жапаров менен Тажикстан мамлекетинин президенти Эмомали Рахмондун расмий жолугушту. Анда Садыр Нургожоевич чек арадагы соңку жаңжал тууралуу айтып, мындан ары кайталанышына жол берилбеши керектигин баса белгиледи. “Тажикстан менен Кыргызстан көп тараптуу негизде конструктивдүү кызматташат. Сиздер менен өз ара келечекти талкуулоого даярбыз. Эки тарап тең куралдуу кагылышуунун кайталанышына жол бербеши керектигин өзгөчө белгилегим келет. Кыргызстан менен Тажикстандын элдери илгертен бери бир тууган эл, кыргыздар менен тажиктер ар дайым ынак коңшулук, достук мамилелерди сактап келишкен”, — деди.

Президентти коштоп кимдер барды эле?

1. Руслан Казакбаев (Тышкы иштер министри;
2. Акылбек Жапаров (Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — экономика жана каржы министри);
3. Дастан Дүйшекеев (Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы);
4. Жаныш Рустөмбеков ()Кыргызстандын Тажикстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси;
5. Гүлмира Абдралиева (Транспорт жана коммуникациялар министри);
6. Бообек Ажикеев (өзгөчө кырдаалдар министри);
7.  Кайрат Иманалиев (маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри);
8. Абдикарим Алимбаев (Министрлер Кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү);
9. Жарасул Абдураимов (Министрлер Кабинетинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү);
10. Уларбек Шаршеев. (Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары — Чек ара кызматынын директору).
Эске сала кетсек, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара чыры эки айдан бери күчөп кетти. 28-30-апрель, 1-майдагы жаңжалда 36 кыргызстандык курман болгон, анын ичинде экөө бала. 180ден ашуун адам жаракат алган. Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жаракат алганын жарыялаган. Эки өлкө бири-бирин айыптап, кылмыш ишин козгошкон. Ушул маселеге эки президент чекит коюшаар! Болбосо буга чейин деле президенттердин жолугушуусу болгон…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.