Элчилер кыргыз-польша кызматташтыгын талкуулашты. Жыйынтыгы кандай болду?

Элчилер кыргыз-польша кызматташтыгын талкуулашты. Жыйынтыгы кандай болду?

Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусов Польшанын Өзбекстандагы элчиси Радослав Грук менен кечээ, 30-июнда жолукту.

Бул тууралуу басма сөз кызматы бүгүн, 1-июлда билдирди.

Алардын айтымында, Польша тараптын демилгеси менен уюшулган жолугушууда Радослав Грук Өзбекстанга дайындалганга чейинки ишмердүүлүгү, учурдагы иши, максаты, багыты тууралуу кыскача маалымат берген.

Жолугушуунун жүрүшүндө, тараптар Кыргызстан, Польша, Өзбекстандын кызматташтыгынын абалын, келечегин талкуулашып, экономика жана туризм чөйрөсүндө кыргыз-польша кызматташтыгын чыңдоонун багыттары боюнча пикир алмашышты.

Ибрагим Жунусов Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү, тарыхый жана маданий кооз жерлери тууралуу маалымат берип, Груктун ишине ийгилик каалады.

Жолугушуунун жыйынтыгында, тараптар эки тарапты кызыктырган бардык тармактарда кыргыз-поляк мамилелерин кеңейтүүгө ар тараптуу салым кошууга даяр экендиктерин билдиришти.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.