Эгемендиктин 30 жылдыгына карата мунапыс жарыялоо сунушталууда. Депутаттардын долбоору…

Эгемендиктин 30 жылдыгына карата мунапыс жарыялоо сунушталууда. Депутаттардын долбоору…

Жогорку Кеңештин айрым депутаттары «Кыргыз Республикасынын эгемендигинин 30 жылдыгына байланыштуу мунапыс тууралуу» мыйзам долбоорун иштеп чыгышты. Документ 1-июлда коомдук талкууга коюлду.

Мыйзам долбоорунда төмөнкүдөй анча оор эмес жана оор кылмыштар үчүн соттолгондорду кылмыш-жаза жоокерчилигинен бошотуу сунушталган:

  • 60тан ашкан эркектер жана 55 жаштан ашкан аялдарды;
  • I жана II топтогу майыптарды;
  • эрезеге жете элек экиден кем эмес баласы же  I, II топтогу майыптуулугу болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдары бар үй-бүлөнүн жалгыз багуучуларын;
  • анча оор эмес кылмышты биринчи жолу жасагандарды;
  • жана ушул Мыйзам күчүнѳ кирген күнү жазасынын ѳтѳлбѳгѳн бѳлүгү бир жылдан аз болгон аялдар менен өспүрүмдөрдү.

Бирок бул шарт-ченемдер менен өтө оор кылмыш жасагандар жазадан кутула алышпайт.

Депутаттардын сунушуна ылайык, эгер жогорку категориядагы адамдар издөөдө жүрүп, мыйзам күчүнө киргенден кийинки үч ай ичинде өз каалоосу менен келсе, алар да мунапыска илиниши мүмкүн.

Мындан тышкары анча оор эмес кылмыш үчүн соттолгондордун ѳтѳлбѳгѳн жаза мѳѳнѳтүн 1/2ге, оор кылмыш үчүн соттолгондордукун 1/3ге жана ѳзгөчө оор кылмыш үчүн соттолгондордун ѳтѳлбѳгѳн жаза мөөнөтүн 1/34ге кыскартуу сунушталууда.

Жазаларды аткаруу кызматынын божомолуна ылайык, мыйзам кабыл алынып калса, жазасын өтөп жаткан 153 адам эркиндикке чыгып, 3 127 жарандын жаза мөөнөтү кыскартылышы мүмкүн.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.