Мамлекеттик катчы кызматы кайра пайда болду. Ага Чолпонбек Абыкеев дайындалды

Мамлекеттик катчы кызматы кайра пайда болду. Ага Чолпонбек Абыкеев дайындалды

Чолпонбек Абыкеев бүгүн, 2-июлда, мамлекеттик катчы болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Ой, ким бул ой?

Чолпонбек Абыкеев 64 жашта. Ал Нарын облусунун Кочкор районундагы Ормон-Хан айылында 1957-жылы, 16-августта туулган. Жогорку билимдүү. Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.  “Аалам” гезитинин башкы редактору, «Бриллиант жылан», «Кызыл көйнөкчөн келин», «Качкын», «Кара илбирс» чыгармалары менен белгилүү жазуучу. Курманбек Бакиев бийлигинде президенттик администрациянын коомчулук менен байланыш бөлүмүн жетектеп, кийин Мамлекеттик архивди башкарган.

2012-жылдан 2014-жылга чейин Улуттук Жазуучулар Союзунун төрагасы болгон.

Садыр Жапаров бийлигинде кайрадан мамлекеттик кызматка келди. Бул кызматка чейин ал Министрлер кабинетинин төрагасы Улугбек Мариповдун кеңешчиси болуп эмгектенген. Жаңы баш мыйзамдын долбоорун иштеп чыккан Конституциялык кеңешмеде мүчө болгон.

Мамлекеттик катчы кызматы качан киргизилди?

Быйыл, 10-январда президенттик шайлоо менен чогуу өткөн референдумда эл “президенттик башкаруу» формасын тандаган.

Жаңы Конституциянын редакциясы 11-апрелде жергиликтүү кеңештердин шайлоосу менен чогуу референдумга коюлуп,  жыйынтыгында толук кабыл алынган. Анда Мамлекеттик катчы кызматы кайрадан киргизилген.

Кимдер мамкатчы болгон?

Мамлекеттик катчы кызматы экс-президент Аскар Акаевдин тушунда пайда болгон. Бул кызматта Акаев бийлигинде Жаныш Рустенбеков, Осмонакун Ибраимовдор иштешкен.

Ал эми Бакиевдин тушунда Дастан Сарыгулов, Адахан Мадумаров, Досбол Нур уулу эмгектенген.

Бирок бул кызмат ошол эле Бакиев заманында, тагырагы, 2009-жылы, аткаруу бийлигин реформалоонун алкагында, жоюлган болду.

Эми Садыр Жапаровдун убагында кайрадан пайда болду…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

5 thoughts on “Мамлекеттик катчы кызматы кайра пайда болду. Ага Чолпонбек Абыкеев дайындалды

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.