Депутаттардын иши бир айга узарды. Сессиянын ачылышына Абжалиев катышты

Депутаттардын иши бир айга узарды. Сессиянын ачылышына Абжалиев катышты

Бүгүн, 5-июлда Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясынын ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында,  депутаттар коронавируска байланыштуу оор кырдаалды эске алып, эмгек өргүүдөн кайтып келишкен. Алар жаңы мыйзамдарды кабыл алуу зарыл экенин баса белгилеп, кезексиз сессия чакыртууну сунушташкан. Сунуштары эске алынып, мыйзамдын 34-беренесине ылайык, 30-июлга чейин  Жогорку Кенешинин кезексиз сессиясын чакыртуу чечими кабыл алынган.

УКМК: «Алиярбек Абжалиев 20 миллион сом төлөдү»

Сессияга экс-президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы, депутат Алиярбек Абжалиев катышты. Анын Түркияга учуп кеткени январда белгилүү болгон. Ага УКМК мартта мыйзамсыз баюу беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Алардын маалыматына караганда, ал мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков менен тууганчылык байланышын пайдаланып, мамлекеттик органдардын ишине кийлигишип, 50 млн сом мамлекетке зыян келтирген.

27-июнда Кыргызстанга кыргыз-казак мамлекеттик чек арасы аркылуу кайтып келгенин, мамлекетке 20 миллион сом төлөгөнүн УКМКнын расмий өкүлү Назгүл Кыдыралиева билдирген. Анын айтымында, тергөө иштери жүрүп, анын негизинде Абжалиев 20 миллион сом мамлекетке төлөгөн. Бирок бул сумманы Абжалиев кайсы жерден которгону тууралуу УКМК айта албайт.

Абжалиев үй эмес, бир кышым жок деген эле…

Абжалиев УКМК билдирүүсүн четке кагып, “куру доомат” деп «Азаттыкка» билдирген. Анда ал «Дубай, Түркияда үйлөрү бар» дептир, калп, үй эмес, бир кышым жок» деген. Толугу бу жердеги ШИЛТЕМЕде.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Фото: «АКИпресс»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.