ИИМ: «35 жаштагы аялдын кекиртегине бычак такап, үйүн тоноп кеткен кылмышкер кармалды»

ИИМ: «35 жаштагы аялдын кекиртегине бычак такап, үйүн тоноп кеткен кылмышкер кармалды»
ИИМдин КМКнын ыкчам кызматкерлери карактоого шектүү жаранды кармашты. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.
Түнкү саат 02:30 чамасында Токмок шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринен белгисиз адам эшиктин алдындагы желим килемди өрттөп жиберген. Түтүндүн жытынан үй ээси ойгонуп, эшигин ачканда кылмышкер аялдын кекиртегине бычак такап, үйгө киргизип, акча, баалуу буюмдарын тинтип таап алып, изин жашырып качып кеткен. Бул окуя боюнча 35 жаштагы аял арыз менен милицияга кайрылган. Шектүүнү ИИМдин КМКнын Үчүнчү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери Чүй облусунун аймагынан кармап, тергөө органына жеткирип, убактылуу кармоочу жайга киргизген. Анын бөгөт чарасы сотто каралып, камакта калтырылды.
Шектүү Нарын облусунун 1991-жылы туулган И.Б. аттуу тургуну. Ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.
Иликтөө уланууда.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.