Көп аял алууга үндөгөн талапкер видеосун өчүрдү! Бу маселе мыйзамда кандай каралган?

Көп аял алууга үндөгөн талапкер видеосун өчүрдү! Бу маселе мыйзамда кандай каралган?

Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине 11-июлда кайра шайлоо болот. Ага 18 партия ат салышып, үгүт иштери 21-июнда башталган. Ошол үгүт иштеринин жүрүшүндө элдин кызуу талкуусуна түшкөн кыйла кызык чакырык, үндөөлөр болбой койгон жок…

Маселен, “Келечек-Будущее” партиясынын талапкери Назира Абдыкаимованын: «Мен депутат болсом эки аял алууну мыйзамдаштырам» деген видео чакырыгы 2-июлда социалдык тармактарга тарап, коомчулукта бир кыйла талкууну жаратты…

Анткен менен, «Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова өткөн жумада аймактык шайлоо комиссиясына кайрылып, Кыргызстанда көп аял алуу кылмыш экенин, ага мыйзам жол бербестигин эскерткендердин бири болду. Ал: «Бул партиянын талапкери ачык эле элди кылмышка үгүттөп жатат. Көп аял алуу Конституцияга туура келбейт» деп, мындай үгүттөөгө жол берген «Келечек-Будущее» партиясын жоопкерчиликке тартууну талап кылды эле, аталган партия бул дооматка макул эместигин «талапкер өз оюн эркин билдирип жатат» деген пикири менен билдирди.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы (АШК) кылмыштын белгилерин аныктоо үчүн укук коргоо органдарына кайрылуу керектигин айтып, коомдо терс пикир жаралбашы үчүн талапкер Назира Абдыкаимовага көп аял алууга үгүттөгөн видеосун алып салууну сунушташкан экен, сунушту туура кабыл алган Назира айым видеосун интернеттен алып салды.

Мыйзамда кандай каралган?

Кыргызстандын Конституциясы көп аялдуулукка тыюу салат. Кылмыш-жаза кодексинин 153-беренесинде: «Эки же андан көп аял менен чогуу жашагандар 2 жылга чейин эркинен ажыратылат» деп жазылган…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.