ИИМ: «Кыргыз паспортун алган чет өлкөлүктөр текшерилет. Инандынын паспортунун мыйзамдуулугу иликтенүүдө…»

ИИМ: «Кыргыз паспортун алган чет өлкөлүктөр текшерилет. Инандынын паспортунун мыйзамдуулугу иликтенүүдө…»

Кыргыз паспортун алган бардык чет өлкөлүк жарандар мыйзам чегинде текшерилет. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, паспорт текшерүү жараянына «Сапат» билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандынын дайынсыз жоголушуна байланыштуу ачылган сотко чейинки өндүрүш учурунда аныкталган маалыматтар негиз берген. Паспортторунун мыйзамдуулугу, бир эле учурда эки мамлекеттин паспортторун алган фактылар жана Кыргызстандын жалпы жарандык паспорттору эмне себептен мыйзамсыз берилип кеткени, кимдер бергени сыяктуу бардык фактылар текшерилип, укуктук баа берилет. Эки өлкөнүн кош жарандыгын алгандар да текшерүүгө алынат.

Орхан Инанды Түркиянын жараны болуп туруп, 2012-жылдын 28-июнунда Кыргызстандын ID паспортун, ошол эле жылы 25-декабрда жалпы жарандык паспортун алгандыгы аныкталган. Учурда ага берилген паспорттордун мыйзамдуулугу да иликтенүүдө.

Эске сала кетсек, Эл аралык «Cапат» билим берүү мекемесинин жетекчиси, Эл аралык «Ала-Тоо» университетинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инандыны 31-майдан бери дайынсыз болуп жаткан. Эшиги ачык калган машинеси 1-июнга караган түнү, таңга маал өзү жашаган үйдүн короосунан табылган. Анын уулу милицияга билдирген. ИИМ министри Улан Ниязбековдун көзөмөлүндө экени айтылган. Ал эми Инандынын жубайы Рейхан Инанды жолдошу Кыргызстандагы Түркия элчилигинин имаратында кармалып жатышы мүмкүн деп айтып чыккан. Бирок түрк элчилиги мындай маалыматты четке каккан.

5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Инанды Түркияга жеткирилип, камакта экенин жарыялаган. Буга байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Түркияга нота жиберип, кыргыз жаранын уурдап кетүү эл аралык нормаларга туура келбесин билдирген.

Инанды 11-июлга чейин камакта калды

Орхан Инанды Анкара шаардык полициясына өткөрүлүп берилип, тергөө изоляторунда 11-июлга чейин калтырылды. Бул тууралуу Түркиянын «Демирөрен» маалымат агенттиги бүгүн билдирди. Бирок ага кайсыл берене боюнча айып тагылганы так айтыла элек. Буга чейин «Анадолу» маалымат агенттиги Инандыга «Куралдуу террордук уюмду негиздегени же жетектегени» үчүн айып тагылганын жазган.

Орхан Инанды 2012-жылы кыргыз жарандыгын алган. Түркия ал түрк жарандыгынан да чыкпагандыгын билдирген.

ТАШИЕВ: «Инандынын 2024-жылга чейин жарактуу түрк паспорту болгон»

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев кечээ, 8-июлда ММКга маалымат жыйын өткөрдү. Анда Кыргызстандан Түркияга тымызын чыгарылып кеткен Орхан Инандыга байланыштуу суроо болгон. Анда ал Инандынын кыргыз жарандыгын алган жагдайларга байланыштуу материалдар ИИМге өткөрүлүп берилерин айтып,  түрк паспортуна байланыштуу мындай деп түшүндүрмө берген: «Инандынын 2024-жылга чейин жарактуу түрк паспорту болгон. Ал бул паспортун чек арадан өткөндө, айрыкча чет өлкөлөргө сапарларында такай колдонгон. Анын кош жарандуулугу болгон. Эгер ал бул жакта болгондо, мындай жагдайы билингенде биз аны кылмыш жоопкерчилигине тартмакпыз”.

Ошондой эле ал Инандыны 2015-жылдан бери уурдап кетүүгө бир канча жолу аракет болгонун билдирди. Анын айтымында, Инанды ушул жылдын башында үч күнгө жоголуп кеткен жана аны уурдап бараткан жеринен атайын кызматтын өкүлдөрү сактап калган.  Ошондой эле ал Инандыга коопсуздугуна көңүл буруу тууралуу эскертүү берилгенин айтып,

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.