ВИДЕО — Эрнис Асек уулу менен Чубак ажынын маеги. Өмүрбек Текебаевге ыраазычылык…

ВИДЕО — Эрнис Асек уулу менен Чубак ажынын маеги. Өмүрбек Текебаевге ыраазычылык…

Эсен болуп, эстей жүр!

2020-жыл өтө оор жыл болду. Куурагыр коронавирус Кыргызстанга ошол жылы мартта келип, кыйраткыч толкуну күчөгөн «каралуу» июль айында бир топ жарандарыбыздан, жакындарыбыздан, не деген жакшы адамдардан айрылганбыз. Алардын бири белгилүү дин аалымы Чубак ажы Жалилов эле. Ал киши 11-июлга караган түнү оор абалда Бишкектеги Улуттук госпиталга  жеткирилип, 1 сааттан кийин каза болгон. Ошол эле күнү сөөгү Совет көчөсү менен Донецк көчөсүндөгү моргдон алынып чыгып, Жалал-Абаддын Базар-Коргон районундагы киндик каны тамган Бай-Мундуз айылына жеткирилип, жаназасы окулуп, жерге берилген Чубак ажы 45 жашта гана болчу…

Чубак ажы ушундай адамгерчиликтүү, жөнөкөй, жүзүнөн нур төгүлүп турган өзгөчө жарык, «убактым жок» деп интервьюдан качпаган, жөнсүз адамды какпаган, жөн гана жаркылдап тосуп алган асыл адам эле. Бир канча жолу маектештим, мечитке чейин барып интервью алган күндөр болду, бир дагы жолу: «Намазга жыгыл, хиджаб кий! Антпесеӊ тиги дүйнөгө барсаӊ тозокко түшөсүӊ!» деген коркуткан жок. «Жети атаӊызга, өтүп кеткен бир туугандарга куран окуй жүргүлө» деп Куран китеп берген.

«Баягы Асабанын» астанасын аттаганда…

Жолдошум Эрнис АСЕК уулу Мелис (Эшимканов) байкебиздин аманатын аткарып 2013-жылы «Баягы Асаба» гезитин чыгарган. Биринчи эле саныбызга (№ 1, 2013-жыл, 3-октябрь) Чубак ажы чыкты эле. Эрнис чогулуш кылганда: «Жаш, секелек кыздар чүмкөнүп кара хиджаб кийип баратканы, балдардын эрбейтип сакал коюп алганы тууралуу тегерек стол уюштур!» деп мага тапшырма берген. Ага депутаттар, мектеп директорлору менен кошо Чубак ажы чакырылган эле. Редакциябызга айтылган убакыттан жарым саат эрте келген Чубак ажы болгон. Көрсө, башкы редакторубуз Эрнис (үйдө күйөөм, жумушта редакторум болчу. Башкалардай эле мен дагы сүрдөчүмүн, коркчумун) менен бир аз баарлашайын деген ниетте эрте келиптир.

Чубак ажы:

«Асабаны» калтырбай окучу элек. Элдин эсинде калган үчүнбү, айтор, «Баягы, баягы Асаба» деп аталашын туура таапсыз. Биринчи эле саныӊарга бизди чакырыпсыӊар.  Агаӊыздын аманатын аткарып жатканыӊыз туура. Ыраматылык байкеӊиз Мелис Эшимканов да мыкты жазмакер, саясатчы, жакшы адам эле. «Асаба» дегенде байкеӊиз эске түшөт. Эрте, жаш кетти. Эми сиз узак жашаӊыз, Эрнис байке! Сиздер нукура кыргыз сөзү менен жазасыздар, мен сиздердин макаланы окуп, көп сөздөрүӊүздөрдү колдонуп калдым.

Эрнис АСЕК уулу:

— Ажыке, мен да сизди сыйлайм, урматтайм. Өтө билимдүүсүз,  ошол тереӊ билимиӊизди башка кесипке арнабапсыз да. Эми, ажыке, кыргыздын нукура сөздөрү деп калдыӊыз, ошол ата-бабадан бери келаткан сонун сөздөрүбүз азыр арапташып кетпедиби… Мисалы, «адал» —  «халал», «арам» — «харам», «ак чүч» — «альхамдулиллах», «Кудай, Алла Талаа» — «Аллах» дегенге айланды. Кыргыз качан эле ушундай сөздөрдү айтчу эле?

Чубак ажы:

— Жүйөлүү суроо. Эми бул тууралуу азыр тегерек столдо кенен сөз кыларбыз.

Эрнис АСЕК уулу:

— Эми кийим тууралуу суроо. Жапжаш эле кыздар капкара хиджаб кийип жүрүшөт. Кара кийимди күйөөсү өлгөн аял гана кийет да. Атасы бар балдар сакал койчу эмес. Азыр жапжаш балдар сакал коюп, кийимин кийип жүрүшөт.  Динге өтө берилип аша чаап кеткен фанаттар мектептеги сабактан калууда. Менин деле чоӊ энем 5 маал намазга жыгылчу, бирок, хиджаб кийген эмес. «Ууру кылба! Калп айтпа! Ушактаба! Бирөөгө сөз ташыба! Бирөөгө жамандык кылба! Соопчулук, кайрымдуулук иштерди жаса! Оку, сабаттуу бол!» деп сабактан калтырчу эмес. Мечитке чуркабай, намазды үйдөн окуса болбойбу? Мисалы, мен адамдын жан дүйнөсү, мечити жүрөктө болуш керек деп эсептейм. Мен динге каршы эмесмин, диний караӊгылыкка каршымын! Мусулманчылыкта эӊ башкы маселе эмне?

Чубак ажы:

— Бул дагы жөндүү суроо. Туура, мен да өтө эле оронуп-чүмкөнгөнгө, диний караӊгылыкка каршымын. Намаз окуу туура, бирок мектепке барбай, сабактан калуу туура эмес. Көпчүлүк адамдар маасы-гөлөч кийип, сакал коюп, мечитке барганды ислам деп түшүнүп алып, руханий дөөлөттү сыртта калтырышууда.

Мусулманчылыкта эӊ башкы маселе — адамдын жан дүйнөсү. Жан дүйнө жарды болуп турса, ал динди кайдан тереӊ түшүнсүн. Депутаттардан баштап бардыгы «молдокелер араптын кийимин кийип алдыӊар» деп бизге таӊуулап жатышат, бул туура эмес. Бул темада экөөбүз башка күнү кенен кеп кылаарбыз, Эрнис байке!

Ошентип, тегерек столго убакыт болуп калып, чакыргандар келип, кызыктуу маек болгон. Андагы маекти Эрнис «Чубак ажы «шайтандын баласын» тапты» деген тема менен чыгарып дүӊ болуп, гезиттин ал саны калбай калды эле. Тема койгон жагынан Эрнис кыйын эле. Негизи эле мыкты редактор болчу!

Чубак ажы: «Өтө өкүнүчтүү, жүрөгүм сыздап турат»

Тонналап китеп окуган, билимдүү, адамгерчиликтүү асыл адамдар бир жылда (2020-жылы) кетип, кабырганы кайыштырышты. Эрнисти ээсине берип келгенден кийин, журналист эки иним Күнболот Момоконов менен Төлөгөн Сулайманов (бири эжелеп, бири жеӊелеп) «Эмне жардам керек?» деп тынбай чалып жатышты. Төлөгөндү этти тейлегенге, «Куран окуганга Чубак ажыны алып кел!», — деп Күнболот дайындадым. Ал аудиобилдирүү жөнөттү, ачсам Чубак ажы: «Күнболот, Эрнис байкеге куран окуганга сөзсүз бармак элем, тилекке каршы, бара албайм. Себеби мен ооруканада атамдын жанындамын. Түндө оор абалда алып келгенбиз. Атамдын жүрөгү бат-бат кармап Кудайдын сыноосунда турат, андыктан жанынан чыга албайм. Эрнис байкенин жубайы Назира Саалиеваны да жакындан жакшы тааныйм. Көп жолу маек курганбыз. Өтө өкүнүчтүү нерсе болду, кейип атам, ушундай жакшы адамыбыздан айрылып калдык. Назира эжеге сабыр тилейм. Курандан башка арга жок. Эрнис байкенин жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!» дептир.

Эми менин айтаарым, Чубак ажынын жаткан жери жайлуу, топурагы жайлуу болсун! Артында боздоп, сыздап калган үй-бүлөсүнө, балдарына, атасына тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтам. Жоктоо, сагыныч, куса менин да башымдан өтүп жатат…

Назира СААЛИЕВА

Баласы тууралуу атасынын айткандары көзгө жаш айлантты…

Бүгүн Чубак ажынын жылдыгына карата «Марал» радиосу эскерүү уюштуруп, маркумдун атасы Тажибай Жалиловдон интервью алышыптыр. Бир ыйлап, бир сооронуп баласы тууралуу буларды айтыптыр:

Чубак ажынын атасы Өмүрбек Текебаевге эмнеге рахматын айтты?

Чубак ажы менен болгон архивдеги маекти бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаӊыз болот!

Архивден…

Записки от скуки. Эрнис Асек уулу.

Канаттар

«Налет наивности никогда меня не покидает. Именно она защищает меня».

(Антонио Поркья)

Азыр «Асабанын» шоопурлары олтурган бөлмөдөмүн. Мурда президенттикке талапкер Мелис Эшимкановдун штабы болчу. Жайнаган, кайнаган эл келер эле. Ызы-чуунун, талаш-тартыштын, ар кыл сунуштардын, идеялардын майданы эле. Эми тынч. Аябай тынч бөлмө. Бөлмө эмес, кабинет. Дүйнөнүн ызы-чуусунан качсаң ушул кабинетке кире качсаң болот. «Асабачылар» кээде кире качышат. Адеттегидей жалгыз олтургам. Эл түштөнүп жүрөт. Мен «Московский комсомолецтин» кроссворду менен түштөнүп жаткам. Суроосу эмне эле? «По вертикали: 2.Лечащий совет.» Кеңеш бергенди билбеген жаным таппай олтургам. Шарт кирип келди. Элүүдөн өтүп калган киши экен. «Мелистин иниси Эрнис Асек уулу деген сен болосуңбу?» дейт. «Анда сенде сөз бар» дейт. «92-жылы «Асабага» Индиянын «Кубаныч илими» деген окуусун ыр түрүндө кыргызча которуп басыпсың. Туурабы?» дейт. Анан эле өзү жөнүндө, Аурибиндо жөнүндө, йога жөнүндө, Садыбакасов жөнүндө, акыйкат жөнүндө узун кеп куруп кирди. Сөз арасында «өзүң билесиң» деп коет. Ал «өзүң билесиң» деген сайын, ичимен «билбейм» деп коем. Анан оюм онго, санаам санга бөлүндү. Ал сүйлөп жатат. Кыргызда ушундай адамдар өтө-өтө көп экенин, алар жалгыздап жарыкты айланган көпөлөктөр экенин, бир күнү отко күйүп кетерин ойлойм. Ал сүйлөп жатат. Оюм онго… «Кой, убактыңды албайын» дейт. «Мен сага кубаныч илиминдей окууларды алып келип турайын. Сен которуп, гезитиңе басып турбайсыңбы» дейт. «Эй, бул кыргыздарга аябай керек да» дейт. «Өзүң билесиң да» дейт. Баеолугумду карасаң, «А эмнеге кыргыздарга керек?» деп жибериптирмин. Суу бүрккөндөй эле болду. «Кечир» деди. Ордунан тура калды да, кандай келсе, шарт ошондой чыгып кетти. Кайрадан жымжырттык, кроссворд үчөөбүз калдык. Аты-жөнүн да сурабапмын.

Аты-жөнүн сурабаган кишиден суранарым, кечирип коюңуз. Канатыңыз күйбөсө экен…

2000

Жалгыз тал

«Если бы я был сам себе вожаком, я не вел бы себя по тропе, ведущей к смерти».

(Антонио Поркья)

Күзүндө Кердегейден кат келиптир. «Сижу и гляжу на старую одинокую иву. Кстати, она передает тебе привет и говорит: «Передай Эрнису, я воскресла из мертвых, пускай он возьмет пример у меня…»

Эмне дээримди билбейм. Айла жок. Колумда чылым, көө-дөңдө түтүн. Жеңижоктун саптары келет: «Бакайырда жалгыз тал…»

2000

Боор

Бир боорум» дейт кыргыз. «Жети атаңдын боорун же!» дейт. «Колун бооруна алды», «Боор эт», «Тоонун боору», «Боор оорусам, боорго тебесиң», «Боору бүтүн», «Уй боор», «Боор курт», «Боор баскак», «Боорум каткыча күлдүм», «Боорум эзилди», «Боору эзилип өлүптүр», «Кара боор», «Таш боор», «Төрө боор», «Боорукер», «Боор толгоо», «Боорлош» дейт кыргыз акең.

Менин боорум ооруп туру…

2004

Жалбырак

«Любовь умерла – да здравствует любовь!»

(Альфред де Мюссе)

Билген эмесмин. Ушундай болот деп эч ойлогон эмесмин. «Көкүрөк сууй түштү» дегенди түшүнөм деп ойлочумун. Бирок кадимкидей көкүрөк сууй түшкөнүн жон терим менен сезгенде делдиреп эле калыптырмын. Үн жок, сөз жок, шалдырап олтуруп бердим. Кенедей да бир сезим калбай калганына таң калам…

Саргарган, кытыраган күзгү жалбырак келип ийиниме түштү. Алаканга салдым. Ушаланды. Уйпаланды. Учту муздак шамалга… Ушалангым келди сенин колуңда…

2006

Акыйкат дейби?

«Жаңы акыйкат – эски акыйкаттын өлгөнү» деди. Жооп бербедим. Жубайым «Бийик болуп кой» деди. Менин тилим кычышып турду. Бийик болгум келген жок. Жооп бербедим. Бийик болдум. А бийиктиктен кулаш кандай азап?! Бийиктикке жеткен кишилерди ойлоп, боорум ооруп кетти. Кандай кулашат, ээ? «Күн баткыча көзүңдү жумсаң, ал жаркырап тура бермек» деди. Дагы унчукпадым. Көрсө, баарын унчукпай жеңет экенсиң…

2013

Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ: «Эрнистин кеткени менин жан дүйнөмдүн, менин бир бөлүгүмдүн кеткениндей…»

2 thoughts on “ВИДЕО — Эрнис Асек уулу менен Чубак ажынын маеги. Өмүрбек Текебаевге ыраазычылык…

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.