ИИМ: «Кайра шайлоодо эң көп мыйзам бузуу Бишкекте болду»

ИИМ: «Кайра шайлоодо эң көп мыйзам бузуу Бишкекте болду»

Бишкек шаардык кеңешке кайра шайлоо үч шаарда (Бишкек, Токмок, Ош) кечээ, 11-июлда өттү. Баштапкы эсеп боюнча, Бишкекте алтоо, Ошто төртөө, Токмокто бешөө утту.

Бишкекте 7% босогодон өткөн партиялар:

1. «Эмгек» – 18,23%;

2. «Ата Журт — Кыргызстан» – 14,11%;

3. «Ишеним» – 12,47%;

4. «Ынтымак» – 10,81%;

5. «Социал-демократтар» – 8,13%;

6.  «Өнүгүү-Прогресс» – 8,11%.

ИИМ: «Эң көп мыйзам бузуу Бишкекте болду»

ИИМдин маалыматына караганда, Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайрадан шайлоо маалында мыйзам бузуу катталган. Жалпысынан 67 маалымат келип түшкөн. Эң көп мыйзам бузуу Бишкекте болгон. «Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 192-беренеси («Добуштарды сатып алуу») боюнча үч факт катталып, сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө. Ош шаарындагы 12 маалыматтын жарымы аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлдү. Токмок шаарында 18 маалымат каттоого алынып, «Майда бейбаштык» боюнча эки факт катталып, сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө.

Шайлоого 34 миллион сом жумшалды…

Борбордук шайлоо комиссиясынын айтымында, ат салышкан партиялар шайлоого Бишкекте 34 миллион 342 миң сом, Ошто 7 миллион 770 миң сом, Токмокто 2 миллион 140 миң сом жумшады.

Эске сала кетсек, ушул жылдын 11-апрелинде жергиликтүү жана шаардык кеңештерге шайлоо болуп өткөн. Мыйзам бузуулардан улам БШК добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарган.

Шайлоого 18 партия ат салышты:

1. «Ата-Журт — Кыргызстан»,

2. «Биздин Кыргызстан»,

3. «Жаңы мезгил»,

4. «Эмгек»,

5. «Замандаш»,

6. “Күч биримдикте”,

7. Кыргызстандагы жашылдар партиясы,

8. «Ишеним»,

9. «Айкөл Кыргызстан»,

10. «Туран»,

11. «Социал-демократтар»,

12. «Реформа»,

13. «Келечек — Будущее»

14. «Столица»

15. «Өнүгүү — Прогресс»,

16. «Улуу-Журт»,

17. «Ынтымак»,

18. «Биздин эл».

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

 

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.