Курман айтка байланыштуу кыргызстандыктар 4 күн эс алышат. Тарыхы…

Курман айтка байланыштуу кыргызстандыктар 4 күн эс алышат. Тарыхы…

Кыргызстанда Курман айт расмий түрдө мамлекеттик майрам болуп саналат. Быйыл 20-июлда белгиленет. Бул күн эс алуу күнү деп жарыяланды. Кыргызстандыктар 17-июлдан 20-июлга чейин ишембиден нары төрт күн эс алышат. Курман айт майрамына байланыштуу 19-июлдагы жумушчу күн 24-июлга которулду. Ага Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду.

Курман айттын тарыхы…

Бардык мусулмандардын берекелүү майрамы Курман айтты майрамдоо Ибрахим пайгамбардын  Жаратканга болгон терең ишеними менен байланышта. Куранда жазылгандай, кудуреттүү Аллах анын түшүнѳ кирип, жалгыз баласы Ысмайылды курмандыкка чалууну буюрат. Буйрукту аткаруу үчүн ыйык Мекке жайгашкан Мина өрөөнүнө барат. Бирок Кечиримдүү жана Ырайымдуу Аллах анын бычагын мокок кылып, мууздай албай коёт. Ошол учурда Жебрейил периште (ага тынчтык болсун!) Ибрахим пайгамбарга козуну асмандан түшүрѳт. Ошол окуядан кийин, Ибрахим пайгамбар (ага тынчтык болсун!) Халил (Аллахтын досу) деген ысымга ээ болот.

Жараткандын адам баласына калтырган түбѳлүктүү осуяты жѳнүндѳ унутпаш үчүн, бул күнү жандык малды курмандыкка чалуу керек. Анткени Ибрахим пайгамбар (ага тынчтык болсун!) Кудай тартуулаган козуну курмандыкка чалган. Бул кандайдыр бир сыйкырдуу үрп-адат эмес, болгону, күнѳѳнүн кесепеттери, ишенимдин сакталышы жѳнүндѳ эскертүү.

Курмандыкка союлган малдын этин сатууга болбойт! Колдон келсе жетим-жесир, колунда жокторго да жардам бериш керек. Бул күндөрү көптөн бери кабар ала элек туугандарга (жетим-жесирге) барып ал-абалын сураса, белек тартууласа чоӊ соопчулук болот. Ошондой эле таарынышып кеткен тууган, теңтуш же башка адамдардан кечирим сураса сообу көбүрөөк тиет.

Курман айтта мал союу шарт, бирок, ооруган малды союуга болбойт! Курмандыкка чалынган малдын эти үчкө бөлүнөт: бир бөлүгү кайрымдуулукка, кедей-кембагалдарга же жетим-жесирлерге берилет. Экинчи бөлүгү туугандарга, кошуналарга, дос-тааныштарга бышырылып берилет, үчүнчү бөлүгүн мал ээси өзү алып калса болот.

Курман айт күн чыккандан тарта майрамдалат. Мусулмандар айт намазга бараардын алдында, толук жуунуп (гусул), эң мыкты майрамдык кийимдерин кийишет. Бул күнү ар бир мусулмандын үйүндѳ майрамдык дасторкон жайылып, тууган-туушкандарды, коңшу-колоңдорду конокко чакырып, Куран окуп, Аллахка дуба кылып, Жаратканды улуктоо зарыл.

Курман айтыӊыздар маарек болсун, урматтуу момун мусулмандар!

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.