Оогандык 345 кыргыз талибдерден коркуп мал-жаны менен Тажикстанга кире качты

Оогандык 345 кыргыз талибдерден коркуп мал-жаны менен Тажикстанга кире качты

13-14-июлда 345 ооган кыргызы талибдерден коркуп Тажикстанды аймагына кире качты. Бул тууралуу «Азаттык» жазып чыкты.

Тажикстан Чек ара кызматы шаршембиде Бадахшан провинциясынын Андемин кыштагында жашаган 91 эркек, 77 аял жана жашы жете элек 177 бала (64ү уул, 113ү кыз) Мургаб районуна карашуу Кызыл-Работ айыл аймагына келишкенин кабарлаган.

Оогандык кыргыздарды тажик чек арачылары гумандуулук кылып Тажикстан аймагына киргизишкен. Алар миӊдей майда жандык, 300 топоз, үч төө жана отуз жылкы кирген мал-жандыктарын айдай келишкен.

Кыргызстандын Кабулдагы элчилигинин маалыматы боюнча, Ооганстандын Улуу Памир жана Кичи Памир аймактарында кыргыздардын саны 2 миңдин тегерегинде. Мындан тышкары, Ооганстандын Мазари-Шариф, Кабул, Бадахшан, Кундуз, Гилменд шаарларында да кыргыздар бар.

Эске сала кетсек, бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган “Талибан” кыймылы АКШ башында турган эл аралык коалиция күчтөрү май айынан тарта Ооганстандан чыгып кете баштагандан тартып чабуулдарын күчөткөн. Буга чейин Тажикстан Жамааттык коопсуздук келишими уюмунан ооган-тажик чек арасын бекемдөөгө жардам сураганы белгилүү болгон.

Айтмакчы, кечээ жакында Москвага барган талибан кыймылынын делегациясынын өкүлдөрү «Ооганстан 398 уездден турат, 250дөйү азыр биздин кыймылдын көзөмөлүндө» дешти. Айткандай эле, талибандар жүрүшү ыкчамдап, акыркы учурларда маалымат катары чыгып жаткан видеолордон Ооганстандын башка өлкөлөр менен чектеш жерлериндеги мамлекеттик желектери түшүрүлүп, аталган кыймыл тутунган Афганистан Ислам Эмиратынын желектери көтөрүлүп жатканын көрүүгө болот…

Ошол делегациянын башчысы Шахабуддин Делавар журналисттерге берген маалымат жыйынында: «ИГИЛ Ооганстандын аймагында болбойт жана ооган аймагы эч качан алыскы-жакынкы кошуна өлкөлөргө каршы колдонулбайт» деген да кепилдикти берип өттү.

Анткен менен олуттуу кооптуулук жок эмес, бар…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.