Алина Жетигенованын жолдошу Эржан Муктаров кандай адам эле? (Маек)

Алина Жетигенованын жолдошу Эржан Муктаров кандай адам эле? (Маек)

Эсен болуп, эстей жүр!

КРнын Эмгек сиңирген артисти, ырчы Алина Жетигенованын жолдошу Эржан Муктаров 14-июлда каза болуп, сөөгү кечээ, 15-июлда, жерге берилди. Ал 49 жашта гана болчу…

Архивден…

Алина ЖЕТИГЕНОВА: «Эржан мыкты жар, мыкты ата»

— Алина эже, кайсы жылы баш коштуӊуздар эле?

— Жолдошум Эржан Муктаров. Экөөбүз 1991-жылы баш кошконбуз. Бир кыз, эки уулдун ата-энесибиз. Кесиби юрист. Бишкек шаарынан. Негизи түпкү жери Панфилов району. Чоӊ кайын атам өмүр бою прокурор болуп иштеген экен. Эржан ошолордун колунда өсүп, тарбияланыптыр. Мен дагы чоӊ ата, чоӊ энемдин колунда өскөндүктөн үрп-адат, каада-салтты жакшы билем. Ошондон улам, салтты жакшы билген, катуу кармаган үй-бүлөгө туш болуп, көнүп кетүү оӊойго турду.

— Канчанчы келинисиз? Кайын эне, абысындарыӊыз менен мамилеӊиз кандай?

— Эӊ улуу келинмин. Эки абысыным бар. Негизи келиндерди ынтымакка чакырган кайын эне эмеспи. Баарыбызды бирдей көрөт. Бизди келининдей эмес, өз кызындай кабыл алган. Келининин мүнөзү чорт чыгып калса да, оӊдоп алчу асыл адам. Кайын энем түшүнүктүү, оор басырыктуу. Врач, мугалим болуп эмгектенип келген. Залкар жазуучу Аалы Токомбаевдин карындашы. Алардын үй-бүлөсү менен тез-тез сүйлөшүп, жолугуп турабыз. Кайненем тууралуу айта берсем сөз түгөнбөйт.

— Келин кандай болуу керек?

— Жаӊы келген келин бардык тепкичтен өтүш керек. Кийинкилерге үлгү болуусу зарыл. Кайын энени сыйлашы керек. Анткени эртеӊ эле өзүбүз да кайын эне болобуз да. Кыскасы, бактылуумун.

— Бакыт деген эмне?

— Бакыт — бул бардык адамга келүүчү ырыс-таалай. Бакыт колго конгон куш, ошону учурбай убагында кармап калуу керек.

— Ошол бактыӊызды кайсы жылы кармап калдыӊыз эле?

— 1989-жылы ырчы Чолпон Алсеитова экөөбүз бирөөлөрдүн үй-бүлөсүнүн үйлөнүү үлпөтүнө барып ырдаган элек. Ошол тойдун ээси Эржандардын тууганы болуп кетет экен. Курбу кызым Эржандын байкесин жактырып калып таанышууга барыптыр. Ошондо Эржан менен капилеттен таанышып калгам. Бирок телефон, дарегимди айткан эмесмин. Кийин ырчы экенимди билип калып филармонияга, циркке, Кыргыз драма театрына чалып отуруп, издеп таап алган. Ошентип жарым жылдан кийин жолугуп, көрүшкөнбүз.  Концерттериме келе баштады. Колумду сурап жүрдү. Бир жыл көнбөй жүрүп, акыры турмушка чыгууга макул болгом.

— Кечиресиз эже, жолдошуӊуз сизден кичүү экени элге жашыруун деле эмес да. Балким жаш дегендирсиз?..

— Мүмкүн… Бирок, экөөбүз улуу-кичүү дебейбиз. Ортодогу ынтымак сүйүүнү бекемдеп келет…Экөөбүз бири-бирибизди сүйүп, сүйлөшүп, жети өлчөп, бир кесип баш кошконбуз. Чыгармачылыкты жакшы түшүнөт. Мени дайыма колдоп келет. Эржандын сүйүктүү жары, балдарымдын мээримдүү энесимин.

— Таарынуу, жарашуу болсо керек?..

— Албетте, таарыныч болот. Көбүнесе турмуш-тиричилик жактан. Маселен, бир жакка бараарда Эржан тез кийинип, таранып, босогодо даяр болуп калып, мени шаштыра берет. Аял киши шашпайт эмеспи. Күткөнгө чыдабай кетип үнү катуу чыгып кетет. Бирок мен ага сөз кайрыбайм, унчукпай коем.

— Анан кантип жарашасыздар?

— Катар басып баратканда эч нерсе болбогондой ар нерсени сурай берсе, мен жооп бере берем. Экөөбүз теӊ ак көӊүл болгондуктан бат эле жарашып алабыз. Эржан оор басырыктуу, көп сүйлөбөйт. Жаккан, ишенген адамына сырын төгүп, чечилип коет.

— Сизге кандай сапаты жагат?

— Көрөгөчтүгү, байкагычтыгы жагат. Бизге эмне керек болсо, майрамдарда ошону белек кылып коет. Кызыбыз Азел да: «Атам дайыма сюрприз кылат» деп кубанат. Жакшы жар, камкор, мыкты ата.

— «Өтө кызганчаак» деп уктук эле…

— Кызгануу бардык эле үй-бүлөдө бар болсо керек. Бири-бирибизди кызганабыз, бирок, аша чаап кетпейбиз. Башында экөөбүздө теӊ кызганыч болгон. Азыр анын баары артта калды.

— Турмушка чыкканы сахнага көп чыкпай калды дешүүдө…

— Бишкекке концерт койбогондон улам өйдө-төмөн сөз айтылып жатса керек. Чыгармачылыгым токтогон жок. Чыгармачыл адамдарга келин болгондуктан, мени колдогондуктан ушул убакка чейин ырдап келатам. Эл-жерди кыдырып, гастролдоп жүрөбүз. Мына жакында эле Талас, Нарын, Ош, Баткенге бардык, андан ары Тажикстандагы Исфара шаарында болуп кайттык. Эл абдан жакшы кабыл алды. Кырыз ырларына чаӊкап турган экен, суусундарын кандырып келдик.

Негизи мен 5 жылда бир отчеттук концерт бергенди жактырам. Бирок кээде жети жылга созулуп кетет. Негизи мен концерттин саны эмес, сапатына көӊүл бурам.

— Үйдө «финансы министри» ким?

— Бизде финансылык бюджетибиз ортодо турат. Керек учурда алып турабыз. Жашообуз эл катары, алдыга озуп кеткен жокпуз, артка калган жокпуз.

— Аябай жоош көрүнөсүз. Ачууланган учуруӊуз болобу?

— Албетте, жиним келген учур болот. Бирок, мен аны башка бирөөдөн чыгарбайм, бир нерсе кылып ачуумду таратууга аракет кылам.

— «Артисттер ак кол болушат» дешет. Сиз да ошондой көрүнөсүз…

— Сыртымдан баары ошентип ойлошот экен. Кир жууп, үй жыйнап, тамак жасайм. Ашканада мыкты айыммын. Жолдошум да тамакты даамдуу жасайт. Тамак жасаганга жардам берет. Тамак тандабайт. Мен эмне жасасам ошону ичет. Кээде гана эӊсеген тамагын айтат. анда да: «Бүгүн күлчөтай кылалычы» деп өзүн кошуп айтат. Таластыктар камырга жакынбыз го, ошондон улам биздин үйдө камыр тамак көбүрөөк жасалат. Ар бир улуттун тамактарын жасаганга аракет кылып, ашкана журналын көп карайм. Күнүгө ар түрдүү тамак жасаганды жактырам.

— Дагы эмне кылууну жактырасыз?

— Токуганды жакшы көрөм. Мурда байпак, мээлей моюн орогучтарды көп токучумун. Гастролдоп баратканда да токуп кете берчүмүн. Азыр сейрек токуп калдым.

— Уул-кызыӊыз эмнеге шыктуу?

— Азел фортепьянодо, Азиз саксафондо жакшы ойнойт. Кызым бийге да шыктуу, сүрөттү да жакшы тартат. А баламдын кандай ырдаарын сахнадан көрүп жүрөсүӊөр. Ал азыр «Купола» деген кафеде ырдайт.

— А өзүӊүзчү?

— Биз кафе-ресторанда ырдаган убактан өттүк да.

— Тойлорго барасызбы?

— Тааныш, туугандардын тоюна барам.

— Сынды кандай кабыл аласыз?

— Сынсыз киши оӊолбойт да. Сынашсын, ошон үчүн адамбыз. Өзүӊдү өзүӊ билбейсиӊ, андыктан бирөөнүн көзү менен сыналуу керек!

 

— Ушак-айыӊга көӊүл бурасызбы?

— Көӊүл бурбайм. Аткени ар ким өз деӊгээлине жараша ушак сүйлөйт . Андай адамдарга теӊелбей эле коюш керек.

— Өз жашыӊыздан жаш көрүнөсүз. Жашаруунун сыры эмнеде?

— (Күлүп) Ооба, «өз жашыӊдан жаш көрүнөсүӊ» деп калышат. Жашаруунун сыры, бирден бир дарысы — бир келген жашоону татыктуу жашоо.

Жан дүйнөӊ жайнап ырдап турса, жолдошуӊ, балдарыӊ ойдогудай чыкса, кантип жашарбайсыӊ.

Маектешкен Назира СААЛИЕВА,

 «Бишкек таймс» гезити, 2004-жыл

«Алакан» сайтынын эмгек жамааты Алина Жетигеновага, балдарына, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.